Өлкө аймактары менен кубаттуу
ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫН КОРГОО
КЫЛЫМ КАРЫТКАН МЕКТЕП
МИЛИЦИЯ ОКУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУДА
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
1,633 Бардыгы / ОШ. «Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү» коомдук бирикмесинин төрагасы Талант Султанов баштаган делегация ОшМУга жүрүш жасады. Атайын жолугушууда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен «Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү» коомдук бирикмесинин ортосунда кызматташуу меморандумуна дагы кол коюлду. Ошентип, меморандумга ылайык ОшМУ Борбор Азиядагы санариптик борборго айландырылат. Муну үчүн биринчи кадамда ОшМУнун базасында интернет алмашуу жабдуусу (коммунтатор) […]
1,634 Бардыгы / ОШ. «Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү» коомдук бирикмесинин төрагасы Талант Султанов баштаган делегация ОшМУга жүрүш жасады. Атайын жолугушууда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен «Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү» коомдук бирикмесинин ортосунда кызматташуу меморандумуна дагы кол коюлду. Ошентип, меморандумга ылайык ОшМУ Борбор Азиядагы санариптик борборго айландырылат. Муну үчүн биринчи кадамда ОшМУнун базасында интернет алмашуу жабдуусу (коммунтатор) […]
ОШМУ БОРБОР АЗИЯДАГЫ САНАРИПТИК БОРБОРГО АЙЛАНДЫРЫЛАТ
03.10.2023 / Автор anarkan_kg

1,635 Бардыгы /
ОШ. «Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү» коомдук бирикмесинин төрагасы Талант Султанов баштаган делегация ОшМУга жүрүш жасады. Атайын жолугушууда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен «Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү» коомдук бирикмесинин ортосунда кызматташуу меморандумуна дагы кол коюлду.
Ошентип, меморандумга ылайык ОшМУ Борбор Азиядагы санариптик борборго айландырылат. Муну үчүн биринчи кадамда ОшМУнун базасында интернет алмашуу жабдуусу (коммунтатор) дагы орнотулат.
– Бул жабдуу колдонууга тапшырылганда, Оштогу иштеп жаткан интернет провайдерлер жана билим берүү мекемелери чогуу-чараан кызматташа башташат. ОшМУдагы жабдуунун алкагында Ош облусунун жана дагы Ош шаарынын ичинде интернеттин сапаты жогорулап, баасы дагы бир топ эле арзандайт. Келечекте Борбор Азияда бул иштер санариптик багытта өзүнүн түздөн-түз жардамын тийгизет. Анткени, мындай интернет алмашуу бекеттери Борбор Азияда көп эмес. Алардын көпчүлүгү коммерциялык багытта, ал эми ОшМУ менен жасалып жаткан иштер коммерциялык эмес багытта жүзөгө ашырылат, – деди «Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү» коомдук бирикмесинин төрагасы Талант Султанов.
Ал эми ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков университет ушул тапта республикабыздагы «Өзгөчө макам» алган окуу жай катары жаңы демилгелерди колдоого ачык экендигин баса белгиледи. Ошондой эле окуу жайда жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү багытындагы иштер жана долбоорлор туурасында дагы кеңири маалымат берди. Меморандумдун алкагында ОшМУнун базасында компьютердик жана санариптик сабаттуулук боюнча тренерлер дагы кошо даярдалат. Дасыккан тренерлер Ош облусунун аймагындагы айыл жерлеринде билимдери менен бөлүшүп, санариптик экономикага салымдарын кошушмакчы.
Күндүн экинчи бөлүгүндө меморандумдун алкагында коомдук бирикменин IT адистери, студенттер жана профессордук-окутуучулук курам менен жолугушушту. Кездешүү маалында «Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү» коомдук бирикмесинин ишмердиги, меморандумдун максаты жана компьютердик сабаттуулук, санариптик сабаттуулук боюнча окуу материалдары, ошондой эле Python программалоо курсу боюнча маалыматтар берилди. Бул кызматташтыктар калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатат жана Кыргызстандын түштүк аймагынын интернет байланыш, техникалык туруктуулугун ого бетер жакшыртат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДА БАШТАЛДЫ
-
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫН КОРГОО
-
-
13.08.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК ИШКЕР ЖАНА ЭКС-ДЕПУТАТ КАМАЛЫШТЫ
-
20.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна БАТКЕНДЕ ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК 90 ЖАШТАГЫ ЭНЕГЕ ҮЙ ЫРООЛОДУ
Маек
ОШТОГУ ООРУКАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛЕП КЕЛЕ ЖАТАТ
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы Ош шаарында жайланышканы менен…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.