Аймак

ОШМПУнун ЗАМАНБАП 5 КАБАТТУУ ЖАҢЫ ИМАРАТЫ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

ОШМПУнун ЗАМАНБАП 5 КАБАТТУУ ЖАҢЫ ИМАРАТЫ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

 1,380 Бардыгы /

          ОШ. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (ОшМПУнун) заманбап үлгүдөгү 5 кабаттуу жаңы имараты пайдаланууга тапшырылды. ачылды.

          Жаңы жана заманбап имараттын тасмасын кесүү салтанатына Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев баштаган бийлик өкүлдөрү жана университеттин профессордук-окутуучулар жамааты катышышты. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө алгач куттуктоо сөздөрү айтылып, өлкөнүн билим берүү тармагын алга сүрөө менен анын өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткан ОшМПУнун жетекчилигине жана жамаатына терең ыраазычылыктар дагы айтылып, жаңы окуу корпусунун курулушунда жигердүү эмгек көрсөткөн тийиштүү адистер ардак грамота менен сыйланышты.

          Эскерте кетчү жагдай: ОшМПУнун заманбап үлгүдөгү 5 кабаттуу жаңы имаратынын имараттын курулушу 2021-жылдын декабрында башталган эле. Анын жалпы аянты 36*21 м2 түзсө, студенттер үчүн колдонула турган ички аянты 3600 м2 түзөт. Корпус өзүнө лекциялык кааналарды, кеңешме зал, китепкана, актовый зал, ашкана, аудиторияларды камтыйт.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17