Аймак

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

 3 Бардыгы /

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп Жеңиш Байзаков дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчини Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков мектеп директорлоруна жана бала бакчалардын жетекчилерине тааныштырды.

Шаар башчысы билим берүү тармагы мамлекетти өнүктүрүүнүн негизи жана пайдубалы экендигин белгилеп, жаңы жетекчинин жооптуу жана түйшүктүү ишине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Жалал-Абад шаары өлкөдөгү үчүнчү ири чоң шаар экендигин эске салып, балдардын билим сапатын жакшыртуу боюнча тапшырмаларды берди.

Байзаков Жеңиш Каарбаевич 1979-жылы туулган. 2003-жылы Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин англис тили жана адабияты адистигин бүтүргөн. Эмгек жолун 2003-жылы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде баштаган. 2014-жылдын сентябрынан Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулдук каанасынын башчысы, 2015-жылдын апрель айынан баштап башчынын орун басары, 2022-жылы “Ош Курманжан Датка” атындагы лицейинин директору, 2024-жылы Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек баатыр” атындагы балдар лицейинин директору кызматтарын аркалап келген.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17