Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА

Бабур театрынын толук реконструкциясы башталды

Бабур театрынын толук реконструкциясы башталды

 21 Бардыгы /

ОШ. Ошто Бабур атындагы драма театрын толук реконструкциялоо иши башталды. Бул тууралуу шаар башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жаңылоо иштери келерки жылдын башында жыйынтыкталат. Жалпысынан 5 миллион долларлык каражат сарпталат.

Театрдын имаратын Өзбекстан бөлүп бере турган каражатка толук жаңылоо тууралуу макулдашуу президент Садыр Жапаровдун быйыл жазында Ташкентке сапары учурунда кабыл алынган.

Бабур атындагы өзбек драма театры – Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири. Ал 1918-жылы ачылган, 2004-жылы президенттин жарлыгы менен ага академиялык деген макам ыйгарылган. Учурда театрдын чыгармачыл курамында 60тай адам бар.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17