Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Бешик-Жон айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаарынын мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Момбеков айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жаңы-Жол айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КАНТ ШААРЫНЫН АЙРЫМ РАЙОНДОРУНДА ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫ ӨЧҮРҮЛӨТ
КРдин ӨКМ алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаардык мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КООМДУК КАБЫЛДАМА

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ИШ-ЧАРА

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ИШ-ЧАРА

 42 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 22-сентябрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун эл аралык мамилелер жана жалпы теориялык сабактар кафедрасы тарабынан 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата “Кыргыз тилинин түрк тилдери арасынан алган орду” темасында тегерек стол өткөрүлдү.

ЭАУнун кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, аталган тегерек столдо “Кыргыз тили түрк тилдеринин курамында”, “Кыргыз тилинин тарыхый этаптары”, “Кыргыз фразеологизмдери”, “Кыргыз жана түрк тилдеринин морфологиясы”, “Кыргыз адабиятынын фольклордук башаттары”, “Кыргыз тилинин экономикалык илим чөйрөсүндө колдонулушу” темаларында билдирүүлөр, талкуулоолор болуп, кыргыз тилинин жалпы түрк тилдеринин курамындагы мааниси, ээлеген орду жана колдонуу келечеги багыттарында бир катар жыйынтыктар чыгарылды. Бул тегерек столдун материалдары “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” илимий-популярдык журналында жакын арада жарык көрөт. Иш-чаранын катышуучуларынын тизмесинде илим, эл аралык байланыштар жана инновациялык билим берүү технологиялары боюнча проректор, п.и.к., профессор Т.Т. Омошев, окуудан сырткары иштер, мамлекеттик тил жана коомчулук менен байланыштар боюнча проректор, филол.и.к., профессор А.С. Жолдошбаев, Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун директору, э.и.к., доцент Чагры Эргезер жана ушул эле институттун профессор-окутуучулар курамы, студенттери. Жалпысынан аталган тегерек стол абдан мазмундуу болуп, бир катар иштиктүү сунуштар берилди.

Ушундай эле тегерек стол ЭАУнун эл аралык медициналык колледжинин жалпы медициналык сабактар бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ал жерде кыргыз тилинин медицина тармагында пайдалануу маселелери каралды, кыргыз тилинде медицина боюнча окуу китептерин чыгаруу жөнүндө сунуштар айтылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17