Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,627 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Ардактуу кыргызстандыктар! Улуттук маданиятыбыздын сыймыгы, элдик өнөрүбүздүн башаты болгон, кыргыздын өзгөчө символу – Комуз күнү менен чын дилимден куттуктайм! Кыргыз, кыргыз атка конгону жанында комузу кошо жаралгандай. Ошондон бери кыргыздын эрмеги – комуз, арманы – күү. […]
1,628 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Ардактуу кыргызстандыктар! Улуттук маданиятыбыздын сыймыгы, элдик өнөрүбүздүн башаты болгон, кыргыздын өзгөчө символу – Комуз күнү менен чын дилимден куттуктайм! Кыргыз, кыргыз атка конгону жанында комузу кошо жаралгандай. Ошондон бери кыргыздын эрмеги – комуз, арманы – күү. […]
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН КОМУЗ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТООСУ
09.09.2022 / Автор anarkan_kg

1,629 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда
кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
“Урматтуу мекендештер!
Ардактуу кыргызстандыктар!
Улуттук маданиятыбыздын сыймыгы, элдик өнөрүбүздүн башаты болгон, кыргыздын өзгөчө символу – Комуз күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Кыргыз, кыргыз атка конгону жанында комузу кошо жаралгандай. Ошондон бери кыргыздын эрмеги – комуз, арманы – күү. Кыргыздын каны-жаны менен бир болуп, демине дем, күчүнө күч берип келет!
Комуз – адамдын ички дүйнөсүн, ой-толгоосун түшүндүрө алган жандуу аспап. Сыздаган добушунда элибиздин кубанычы менен кайгысы, ар – намысы менен абийири, тарыхы менен таржымалы баяндалат. Сыдырым тоонун желиндей бирде шар, бирде мукам кайрыктарды камтыган “Камбаркан”, “Сынган бугу”, “Маш ботой”, “Эргиме”, “Саадак какты”, “Ак бугу” жана башка керемет күүлөр азыр да кыргыздын канын толкутуп, сезимин козгоп турат.
Залкар комузчулар Ниязалы, Айдараалы, Карамолдо, Токтогул, Мураталы, Ыбырай, Атай, Шекербек жана башкалар не бир түркүн ойлорду, сезимдерди камтыган, татаал кайрыктуу, мукам абаздуу күүлөрдү жан дүйнөнү байыткан руханий азык кылып калтырышты.
Заманыбызга жараша комуз күүлөрү жаӊыча жаӊырып, жаңыча ойноо ыкмалары, ыргактары менен толукталып барат. Кийинки эле Асанбек Кыдырназаровдун “Кыргыз көчү”, Нурак Абдрахмановдун “Соӊ-Көл баяны”, “Сары-Өзөн баяны”, Руслан Жумабаевдин “Эрке Сары” күүлөрү уккан элдин кумарын кандырып, черин жазып, жамы кыргыз журтчулугуна тереӊ сиӊип кетти.
Кыргыздын улуу мурасы болгон комуз дүйнөсүн урматтап, аздектеп, урпактарга өткөрүп берүү ар бир кыргыз жаранынын милдети экенин унутпашыбыз керек.
Комуз күнү жакшы жөрөлгөгө айланып, мындан ары республикабыздын маданий турмушунда өзүнүн татыктуу ордун табат деген чоӊ ишеничтемин!
Таӊшый бер кыргыз комузу!
Комуз күнүӊүздөр менен!”.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
05.07.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО ООГАНСТАНДАН АЛЫНЫП КЕЛИНГЕН СУУСУНДУКТАР САТЫКТАН АЛЫНА БАШТАДЫ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.