Аймак

АЯРЛУУ КАТМАРДАГЫ БАЛДАРГА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БЕЛЕКТЕР ТАПШЫРЫЛДЫ

АЯРЛУУ КАТМАРДАГЫ БАЛДАРГА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БЕЛЕКТЕР ТАПШЫРЫЛДЫ

 1,896 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык  социалдык-стационардык мекемесинде тарбияланып жаткан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаңы жылдык  балаты майрамы уюштурулду. 

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

майрамдык иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин жетекчиси  Дамира Алимжанова жана аталган мекемеде тарбияланган балдардын жакындары катышты. Шаар мэри Эрнисбек Ормоков  балдарды жаңы жылдык балаты майрамы менен куттуктап, белектерди тапшырды.

Бул жолку  балатынын өзгөчөлүгү мында тарбияланган балдар жомоктогу терс көрүнүштөрдү   сахналаштырылган  оюн – зоок  аркылуу  өздөрү көрсөтүштү. Аталган  борбордун мугалимдери    мындай  программа  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын  жашоого болгон көз карашын өстүрүүдө зор өбөлгө болоорун белгилешет.

Белгилей кетсек, аталган мекемеде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген  110 бала тарбияланып келет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17