Аймак

БИШКЕК-ОШ АВТОЖОЛУНДА 95 МИҢ 500 КУБ МЕТР КАР АТЫП ТҮШҮРҮЛДҮ

БИШКЕК-ОШ АВТОЖОЛУНДА 95 МИҢ 500 КУБ МЕТР КАР АТЫП ТҮШҮРҮЛДҮ

 906 Бардыгы /

ОШ. Акыркы күндөрдө кары калың жаагандыктан, Бишкек-Ош унаа жолунун кар көчкү түшүү коркунучу жаралды. Ошондуктан, аталган аймакта карды атайылап аткылап түшүрүү жараяны жүргүзүлдү.

Ошентип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жалпы жонунан 95 миң 500 куб метр кар көчкү түшүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды алыска сапарга чыкканда аралыкты милдеттүү түрдө сактоону жана дагы жайкы баллондорду кышкы баллондорго сөзсүз алмаштырууну катуу эскертет.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17