Аймак

ОБЛУСТУК ИЧКИ ИШТЕР БАШКАРМАЛЫГЫ ТАРАБЫНАН ОРОЗО АЙТ МАЙРАМЫНА КАРАТА ГАРНИЗОНДУК РАЗВОД ӨТКӨРҮЛДҮ

ОБЛУСТУК ИЧКИ ИШТЕР БАШКАРМАЛЫГЫ ТАРАБЫНАН ОРОЗО АЙТ МАЙРАМЫНА КАРАТА ГАРНИЗОНДУК РАЗВОД ӨТКӨРҮЛДҮ

 834 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 2023-жылдын 20-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында орозо айт майрамына карата горнизондук развод өткөрүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чарага  Жалал-Абад ОИИБдин, КРнын ИИМдин атайын багыттагы полкунунЖалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, облустук ЖКККБнын, милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын,  Жалал-Абад ШИИБдин, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен РИИБдин, 704 аскер бөлүгүнүн жана Жалал-Абад шаардык күзөт кызматынын өздүк курамы жалпы 400дөн ашуун кзыматкерлер катышты.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Жеӊишбек Абитов айт майрамына карата куттуктоо сөз сүйлөп,  майрам күндөрү өздүк курам күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө менен бирге, облустун аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алуусун эскертти. Ошону менен катар өздүк курамдын кызмат өтөөгө даярдыгын, сырткы келбети, форма кийиүүлөрү боюнча саптык кароодо текшерилди.

Андан сырткары тиешелүү ыкчам кызматтар тарабынан багыттамалар окулуп, өздүк курамга жеткирилди. Иш-чарынын соңунда ОИИБдин жетекчилиги тарабынан  кызматкерлерге бөлүнгөн аймактарында графиктин негизинде, ак ниеттүүлүк менен, жарандарга сылык мамиле жасап, мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоону эскертип, күчөтүлгөн тартипте иш алып баруусун белгиледи.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17