Аймак

МИЛИЦИЯ ОШТОГУ КАЗИНО ДЕЛГЕН ЖАЙДЫ ЖАНА АЛ СЫЯКТУУ 45 КУМАРКАНАНЫ ЖАПТЫ

МИЛИЦИЯ ОШТОГУ КАЗИНО ДЕЛГЕН ЖАЙДЫ ЖАНА АЛ СЫЯКТУУ 45 КУМАРКАНАНЫ ЖАПТЫ

 1,047 Бардыгы /

          ОШ. Кыргызстанда бинардык опцион деген шылтоо менен кумар оюндарын уюштуруп жүргөн 45 мекеме акыры жабылды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

          Баса, аталган жайларда интернет аркылуу виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндары дагыле уюштурулганыдыгы айтылат. Бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттер жүргүзүлүп келгендиги дагы баса белгиленди. Ыкчам тергөө иштеринин алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынышып, компьютердик техникалар кошо камалды. Ушул тапта Бишкек, Ош шаарлары, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан 45тен ашуун мекеме жабылып, тиешелүү иш-чаралар дагыле улантылууда. Аталган факт боюнча тергөө иштери дагы кызыды.

          Аталган фактылардын негизинде Кылмыш-Жаза Кодексинин 222-беренеси («Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)») менен кылмыш иши козголгон. Белгилей кетчү жагдай: 10-июль күнү Аваз Номанов аттуу интернет колдонуучу Ош шаарында казино кадимкидей иштеп жаткандыгын айтып, а түгүл видеосун дагы кошо жүктөгөн. Ал жерде отургандар Кыргызстандын жарандары дагы ойноп, бирөөсү 10 миң доллар, экинчиси 130 миң сом уттургандыгын кошумчалаган. Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков аталган маалыматтын алкагында Ички иштер министрлиги иликтөө жасап, жыйынтык чыгарганын убадалаган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17