Аймак

МИЛИЦИЯ АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУП, ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

МИЛИЦИЯ АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУП, ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

 591 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад ШИИБдин жашы жете электердин иши боюнча  аймактык тескөөчүлөрү жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча  ыкчам өкүлдөрү, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Тайгараев айылындагы №10 мектептин окуучуларынын ата-энелери менен жолугушту.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, «Өспүрүм үйдө сиздин балаӊыз, ал эми мектепте коомдун баласы» аталышындагы жыйынга 150 ата-эне катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө кылмыштуулуктун, коомго жат көрүнүштөрдүн алдын алууда биргелешип иштөө керектиги айтылды. Окуучулардын сумкаларын үйдө текшерүү, сумка сатып алууда коопсуздугуна көӊүл буруу зарылдыгы эскертилди. Башка мектептердин окуучулары менен топтошуп мушташууларды болтурбоо, тамеки тартуу, психотроптук заттарды колдонбоо, спирт ичимдигин ичүүдөн алыс болуу, түнкү убакытта көчөгө чыгарбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Үйүндө эч ким жашабаган турак-жайлардын айнектери сындырылгандыгы боюнча жергиликтүү тургундардын кайрылуусу дагы жеткирилди. Ошондой эле жол эрежелерин сактоо, миграцияда жүргөн ата-энелердин балдарын камкордукка алгандар аларды катуу көзөмөлгө алуу зарылдыгы жеткирилди.

Жалал Абад ШИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын улук инспектору Самара Кыдырова чакырылган жыйынга кайдыгер карабаган ата-энелерге ыраазычылык билдирип, балдардын коопсуздугун камсыз кылууда милициянын маалыматтарын угуп турууга чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энелер тарабынан милиция кызматкерлерине суроолор берилип, ар түрдүү маселелер талкууланды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17