Аймак

КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯ-АЙЫМДАР АССОЦИАЦИЯСЫ 13 ЖЫЛДЫК ҮЗҮРЛҮҮ ЭМГЕГИН БЕЛГИЛӨӨДӨ

КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯ-АЙЫМДАР АССОЦИАЦИЯСЫ 13 ЖЫЛДЫК ҮЗҮРЛҮҮ ЭМГЕГИН БЕЛГИЛӨӨДӨ

 438 Бардыгы /

Кыргыз милиция-айымдар Ассоциациясы 2010-жылдын 1-октябрь күнү ошол учурудагы убактылуу өкмөттүн Президенти Роза Отунбаеванын жана Бишкек шаарындагы ЕККУнун колдоосу жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин буйругу менен түзүлгөн.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, азыркы учурда ассоциацияны милициянын отставкадагы полковниги Айдаркул каана жетектеп келет. Ассоциация калктын түрдүү топтору менен коопсуздук саясатын түзүүгө жооптуу адамдардын ортосунда маанилүү “көпүрө” болуп, республиканын аймагында айымардын укугун жана жоопкерчиликтерин бекемдеп келет.
Кыргыз милиция-айымдар Ассоциациясы менен бирге чогу иш алып барган дагы бир ассоциация бул Коопсуздук, укуктук тартип жана мыйзамдуулук секторунун айымдар кыргыз Ассоциациясы. Бул коопсуздук, укуктук тартип жана мыйзамдуулук тармагындагы мамлекеттик структураларда иштеген, укуктук тартипти жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө, мамлекеттин туруктуу
өнүгүүсүнө өз салымын кошуп, активдүү айымдардын бирикмеси да милиция айымдары менен иш алып барат. Жогорудагы көрсөтүлгөн ассоциация, полиция-айымдар бүткүл дүйнөлүк Ассоциацияга мүчө. 2017-жылы Ассоциация, коопсуздук, укуктук тартип жана мыйзамдуулук айымдар кыргыз Ассоциациясынын түзүлүшүн демилгелеген.
Ассоциациянын негизги багыттары – окутуу, семинар-тренингдерди өткөрүү, коопсуздук секторунда айымдардын гендердик репрезентативдүүлүктүн абалы тууралуу суроолорун талкуулоо, кызматы боюнча айымдарды алдыга жылдыруу жаатында тажрыйба алмашуу, системадагы гендердик баланска жетишүү.
Ошондой эле, жарандардын укуктары жана эркиндиктери приоритеттүү болуп саналган, ишмердиги ачык-айкын, демократиялык милицияны, сот системасын, жаза аткаруу кызматтын түзүлүшүнө айым-кызматкерлердин катышуусун
талкуулаган тегерек столдорду, форумдарды, конференцияларды өткөрүү.
Мындан сырткары, ассоциация насаатчылык жаш кызматкерлердин кесиптик калыптануу жана адаптациялоо процессин тездетүү, алардын ээлеген кызматына ылайык жүктөлгөн функционалдык милдеттерди өз алдынча, сапаттуу жана жоопкерчиликтүү аткарууга жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү негизги багыттарында иш алып барат.
Ассоциацянын иш алып баргандан баштап айымдардын коопсуздугу гендердик саясаты, тынчтык мыйзамдуулук багытында көптөгөн жетишкендиктерге жеткен. Эл аралык тажрыйбага бай, жана эл аралык денгээлдеги меморандумдар түзүлүп, иштелип келүүдө.
Азыркы учурда кыргыз милиция-айымдар Ассоциациясы ишин жайылтуу, мүчөлөрүн көбөйтүү максатында иштер тынымсыз алып барылууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17