Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА БАТКЕН КООГАЛАҢЫНДА КУРМАН БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛДИ

ЖАЛАЛ-АБАДДА БАТКЕН КООГАЛАҢЫНДА КУРМАН БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛДИ

 486 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 27-октябрда Жалал-Абад шаарынын “Жеңиш” эс алуу багында 1999-2000-жылдардагы Баткен коогалаңынын курмандыктары эскерилди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Уларбек Исмаилов, жергиликтүү бийлик, Баткен окуясынын ардагерлери жана курман болгон жоокердин жакындары катышты.

Эскерүүдө каза болгондорго багышталып куран окулуп, орнотулган эстеликке гүл коюлду. Аны менен бирге эгемендик алган жылдардан кийинки террордук согушкерлер менен Кыргызстандын аскерлеринин 24 жыл мурунку кармашуусу–өз милдетин абийирдүүлүк, кайратмандык менен аткаруунун бийик үлгүсү болгонун белгилешти.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунан Баткен коогалаңына 2 миңден ашуун жоокер тартышкан. Тилеке каршы террорчулар менен болгон кагылышууда облусутан барган 17 жоокер баатырларча курман болгон. Дагы 20га жакыны жараат алган. Учурда облуста 870 ардагер жашайт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17