Аймак

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ МЕНЕН АЛДЫҢКЫ КЫЗМАТКЕРЛЕР СЫЙЛАНДЫ

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ МЕНЕН АЛДЫҢКЫ КЫЗМАТКЕРЛЕР СЫЙЛАНДЫ

 447 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 13-февралда Жалал-Абад шаарында 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегия өтүп, анда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары, жетишкен ийгиликтери үчүн ар тармактын бир катар кызматкерлери сыйланды.

Жылдын мыктылары” деп табылган номинациялардын ээлерине Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин эстелик дипломдору тапшырылды. Ошондой эле үзүрлүү эмгектенген бир катар кызматкерлерге жана шаардык кеңештин депутаттарына Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамоталары да тапшырылды. Сыйлыктарды өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов тапшырды.

-“Жылдын мыкты айыл башчысы”-С.Жээнбеков айылынын айыл башчысы Мойдун уулу Арзыбек;

-“Жылдын мыкты кварталдык комитети”-Салбаева Бактыгул Тургунбаевна-Ч.Айтматов аймактык башкаруусунун № 39 кварталдык комитетинин төрайымы;

-Хушназаров Лутфилла Гуламжанович-Курманбек аймактык башкаруусунун № 14 кварталдык комитетинин төрагасы;

-“Жылдын мыкты кондоминиуму”-Акунов Кеңешбек Жасунович-Спутник аймактык башкаруусунун № 152 кондоминиумунун төрагасы;

Курманбекова Шааркан Касымбековна-Ч.Айтматов аймактык башкаруусунун № 25 кондоминиумунун төрайымы;

-“Жылдын мыкты өнөр-жай мекемеси”-“Багери” жоопкерчилиги чектелген коому;

-“Жылдын мыкты банкы”-“Айыл Банк” ачык акционердик коомунун Жалал-Абад филиалы;

-“Жылдын мыкты инвестору”- Академия Барса;

-“Жылдын мыкты финансы кызматкери”-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад финансы башкармалыгынын финансылык-бюджеттик координациялоо бөлүмүнүн башчысы Жакыпов Заирбек Сайдибраимович;

-“Жылдын мыкты экономисти”- Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган эсепкананын ага экономисти Розахунова Халидахон Орунбаевна;

-“Жылдын мыкты эсепчиси”- мэриянын башкы эсепчиси Акбаралиев Турусбек Акбаралиевич;

-“Жылдын мыкты салык кызматкери”- Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башкы инспектору Дуйшеев Эламан Курсантбекович;

-“Жылдын мыкты ишканасы”- “Келечек” жабык акционердик коомунун “ПЭТ Бурулсун” филиалы;

-“Жылдын мыкты тейлөө мекемеси”- “Караван” эс алуучу жайы;

-“Жылдын мыкты куруучусу”- Капиталдык курулуш департаментинин техникалык көзөмөлдөөчүсү Шералиев Калмамат Токторбаевич;

-“Жылдын мыкты коммуналдык кызматкери”- “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесинин кызматкери Абдусаматов Нишанбай Мухтарович;

-“Жылдын мыкты жол куруучусу”- Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгынын АБЗ участкасынын башчысы Байканов Атабек Кадыралиевич;

-“Жылдын мыкты энергетиги”- Жалал-Абад райондук электр тармактар ишканасынын электро техникалык лаборатория жана кабелдик чубалгылар тайпасынын электро монтеру Орозалиев Нургазы Шамшиевич;

-“Жылдын мыкты саламаттыкты сактоо мекемеси”- Түштүк регионалдык жүрөк жана кантамыр хирургия илимий борбору;

-“Жылдын мыкты саламаттыкты сактоо кызматкери”- Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Ураимов Рома Каныбекович;

-“Жылдын мыкты спортчусу”- Эркин күрөш боюнча Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Кадыров Шарабидин Азаматович;

-“Жылдын мыкты машыктыруучусу”- Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №1 спорт мектебинин машыктыруучусу Эсеналы уулу Санжар;

-“Жылдын мыкты билим берүү кызматкери”- Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Турганбаева Саадат Сайдибакасовна;

-“Жылдын мыкты жалпы орто билим берүү мекемеси”- А.Калешов атындагы №11 жалпы билим берүү орто мектеби;

-“Жылдын мыкты мектептен сырткаркы билим берүү уюму” -“Ариет” балдар чыгармачылык борбору;

-“Жылдын мыкты атайын орто билим берүү окуу жайы”- №75-кесиптик лицейи;

-“Жылдын мыкты жогорку билим берүү окуу жайы”- К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети;

-“Жылдын мыкты тартип сакчысы”- Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук кызматынын милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, милициянын улук лейтенанты Абдикаимов Жеңишбек Мамытбекович;

-“Жылдын мыкты муниципалдык кызматкери”- депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин башкы адиси- Осмонова Гульзат Орозбековна;

-“Жылдын мыкты депутаты”

-Мамыров Джумабек Омурзакович;

-Маманов Каныбек Тойчубекович;

-Бекешова Уларкан Жакыпжановна.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17