Аймак

БАТКЕН ОБЛУСУНДАГЫ ҮЙ ЧАРБАЛАРДЫН ДЭЭРЛИК 100 ПАЙЫЗЫ «САНАРИП АЙМАК» ПРОГРАММАСЫНА КИРГИЗИЛДИ

БАТКЕН ОБЛУСУНДАГЫ ҮЙ ЧАРБАЛАРДЫН ДЭЭРЛИК 100 ПАЙЫЗЫ «САНАРИП АЙМАК» ПРОГРАММАСЫНА КИРГИЗИЛДИ

 375 Бардыгы /

          «Санарип аймак» мамлекеттик программасынын негизинде Баткен облусунун айыл өкмөттөрүндөгү чарба китептери дээрлик электрондук чарба маалымат базасына киргизилүүдө. Бул туурасында Президенттин аймактагы Өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

          Маалыматка караганда, Баткен облусу боюнча 586 миң 148 калк жашаса, санарип аймак тутумуна катталган жарандар 460484, же 78,56 пайыз көрсөткүчтү түзөт. Ал эми жалпы үй-чарбаларынын саны 80 миң 7 болсо, мунун баары санарип аймак тутумуна катталып, 100 пайызы көрсөткүчтү чапчыды. Ушул тапта жарандар өзүнө тиешелүү маалым каттарды «Түндүк» системасынан мобилдик тиркеме аркылуу алуу гана мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуп, бул аракеттерди жайылтуу боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштери дагы күчөтүлдү. Ошондой эле электрондук иш кагаздарды жүгүртүү системасы боюнча райондук мамлекеттик администрациялар, мэрия жана 31 айыл өкмөттөрү «ИнфоДокс» электрондук иш кагаздарын жүгүртүү системасына толук өткөрүлдү.

          Ал эмит Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн аппараты, райондук мамлекеттик администрациялар, шаар мэриялары жана айыл өкмөттөрү автоматташтырылган маалыматтык системасынын Е-кызмат тутумун толук 100 пайызы ишке киргизүү менен аны ийгиликтүү колдонуп дагы келатышат. Мындай иш аракеттер Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин «Санарип Кыргызстан – 2019-2023» цифралык трансформациялык Концепциясын жүзөгө ашыруу максатын гана көздөйт. Буга ылайык, аталган облустун аймагындагы район-шаарлар жана 31 айыл өкмөттөрү бүгүнкү күндө интернет байланышы менен толук кандуу камсыз этилген.

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17