Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
487 Бардыгы / Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 20-февралда каралып, анда кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси алынды. Бүгүнкү комитет жыйынынын күн тартибинде бул мыйзам долбоорун кароо жок болчу. Демилгечи Надира Нарматова жыйын башында сунуш киргизип, айрым депутаттардын жана коомчулуктун […]
488 Бардыгы / Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 20-февралда каралып, анда кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси алынды. Бүгүнкү комитет жыйынынын күн тартибинде бул мыйзам долбоорун кароо жок болчу. Демилгечи Надира Нарматова жыйын башында сунуш киргизип, айрым депутаттардын жана коомчулуктун […]
“ЧЕТ ЭЛДИК ӨКҮЛ” МЫЙЗАМ ДОЛБООРУНАН КЫЛМЫШ ЖООПКЕРЧИЛИГИ АЛЫНДЫ
20.02.2024 / Автор anarkan_kg489 Бардыгы /
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 20-февралда каралып, анда кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси алынды.
Бүгүнкү комитет жыйынынын күн тартибинде бул мыйзам долбоорун кароо жок болчу. Демилгечи Надира Нарматова жыйын башында сунуш киргизип, айрым депутаттардын жана коомчулуктун пикири эске алынган вариянттын кароону суранды. Жыйынтыгы көпчүлүк добуш менен мыйзам долбоорундагы кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси алынды.
Буга чейин Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүү боюнча, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Мыйзам долбоорунун демилгечилери башта жазаны беш жылдан 10 жылга чейин деп сунуш кылышкан.
14-февралдагы комитет жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Нурланбек Азыгалиев мыйзам долбоорундагы кылмыш-жаза жоопкерчилигин алып салууну сунуштап, артка кайтарылган.
23-январда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдоп, парламенттин жалпы жыйынына жөнөткөн.
Коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.
“Адилет” укуктук клиникасы Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.
Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул документ Орусиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен.
Жогорку Кеңештин да айрым депутаттары Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Салык кызматына каражаты тууралуу отчёт берип жатканын, документ алардын ишин көзөмөлдөп, жабууга чейин алып барарын билдирип жатышат.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg “ЖОЛ ТАРТИБИ, КООМ ТАРТИБИ – 2026” АТАЛЫШЫНДАГЫ ФОРУМ ӨТТҮ
-
31.03.2026 / Автор anarkan_kg МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
-
-
18.04.2025 / Автор anarkan_kg МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫТАЙ МЕНЕН ЧЕКТЕШКЕН ЧЕК АРАДА ӨТКӨРҮҮ БЕКЕТТЕРИ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.