Аймак

БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 20 197 ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 20 197 ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

 231 Бардыгы /

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 19-февральдан  тартып, 25-февралга чейин алдын ала маалымат боюнча 20 197 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, жол эрежелерин бузуу фактыларынан:

 -Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-364; 

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -448;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-40;

 -Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1173;

 -Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3138;

 -Авто ээнбаштык – 14;

 -Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 2854;

 -Жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 1;

 -Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –12 179.

 Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1431 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

 КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17