Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
262 Бардыгы / Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов кармалып, Кыргызстанга алынып келгенин 27-мартта расмий ырастады. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, УКМК аны 25-мартта Азербайжандан кармаган. Аны менен бирге бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келди. “Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов “мыйзамдагы […]
263 Бардыгы / Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов кармалып, Кыргызстанга алынып келгенин 27-мартта расмий ырастады. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, УКМК аны 25-мартта Азербайжандан кармаган. Аны менен бирге бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келди. “Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов “мыйзамдагы […]
УКМК РАЙЫМБЕК МАТРАИМОВ МЕНЕН КОШО ҮЧ БИР ТУУГАНЫ КАРМАЛГАНЫН БИЛДИРДИ
27.03.2024 / Автор anarkan_kg![УКМК РАЙЫМБЕК МАТРАИМОВ МЕНЕН КОШО ҮЧ БИР ТУУГАНЫ КАРМАЛГАНЫН БИЛДИРДИ](https://aimak.kg/wp-content/uploads/bfi_thumb/-названия-14-3k1cjqmlpk8op8ktj15mv4.jpg)
![УКМК РАЙЫМБЕК МАТРАИМОВ МЕНЕН КОШО ҮЧ БИР ТУУГАНЫ КАРМАЛГАНЫН БИЛДИРДИ](https://aimak.kg/wp-content/uploads/bfi_thumb/-названия-14-3k1cjqmlpk8op8ktj15mv4.jpg)
264 Бардыгы /
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов кармалып, Кыргызстанга алынып келгенин 27-мартта расмий ырастады.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, УКМК аны 25-мартта Азербайжандан кармаган. Аны менен бирге бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келди.
“Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов “мыйзамдагы ууру” Камчыбек Көлбаев (Камчы Асанбек) менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн”, – деп айтылат маалыматта.
Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (“Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу”) жана 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Райымбек Матраимов Азербайжандын баш калаасы Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилгени белгилүү болгон.
2021-жылы УКМК Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген.
Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.
Райымбек Матраимов былтыр октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкекте атайын операцияда өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.
Январь айында УКМК Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
02.08.2023 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНГА ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНАН КЕЗЕКТЕГИ АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРДАМЫ КЕЛДИ
-
26.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНДА ЖАЙЫТТАР ЖАНА ТОКОЙЛОР ЖАКШЫРТЫЛАТ
-
-
-
30.01.2024 / Автор anarkan_kg АБСАТТАР СЫРГАБАЕВ КЫЗМАТТАШУУ БАГЫТЫНДА КЫТАЙГА БАРДЫ
-
06.02.2024 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНДА БАЛА БАКЧАДА КОШУМЧА ТАЙПА АЧЫЛДЫ
-
13.02.2024 / Автор anarkan_kg ЕВРОБИРИМДИКТИН АТАЙЫН ӨКҮЛДӨРҮ БИШКЕККЕ ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЕЛИШТИ
Маек
Самат МАКЕШОВ: “УЛУУ ОКТЯБРЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫНА ЧЕЙИНКИ КАНАЛДАРДЫ ДАГЫЛЕ ПАЙДАЛАНЫП КЕЛАТАБЫЗ!”
Өзгөн району – Ош облусундагы эң чоң Аймактардын бири. Андыктан,…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.