Аймак

ОШТО ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТЫН МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ШАЙЛООГО ДАЯРДЫКТАР ТАЛКУУЛАНДЫ

ОШТО ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТЫН МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ШАЙЛООГО ДАЯРДЫКТАР ТАЛКУУЛАНДЫ

 141 Бардыгы /

          Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча атайын штабдын жыйыны өткөрүлдү.

          Бул жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азатбек Кубатбек уулу, Борбордук шайлоо комиссиясынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча мүчөсү Узарбек Жылкыбаев, ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү дагы катышты. Иш-чарада шайлоочулардын шайлоо жараянынан катышуусу негизги артыкчылыктуу багыттардын бири экендиги, ошол эле учурда мамлекеттик кызматкерлер шайлоону өткөрүүгө таптакыр кийлигишпөөсү керектиги дагы баса белгиленди. Буга улай эле шайлоону уюштуруу иштери боюнча маалымат дагы берилип, шайлоо комиссияларына өз убагында жардам көрсөтүү, майыптыгы бар жарандар үчүн тийиштүү шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзам бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча маселелер кенен-чонон талкууланып, уюштуруу маселелери боюнча пикир алмашуу дагы абдан кызуу жүрдү.

          Белгилей кетчү жагдай: №7-Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутаттыгына жалпы жонунан 17 талапкер катталды. Ушул  тапта Ош шаарындагы 55 шайлоо участкасында 125 миңден ашуун шайлоочу катталды. Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үстүбүздөгү жылдын 28-апрелине дайындалган.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17