Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫ ТОКТОГУЛ ЖАНА КАРА-КӨЛ МИЛИЦИЯ БӨЛҮМДӨРҮНӨ БАРДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫ ТОКТОГУЛ  ЖАНА КАРА-КӨЛ МИЛИЦИЯ БӨЛҮМДӨРҮНӨ БАРДЫ

 273 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 22-майда Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Марлис Асанов облустагы Кара-Көл шаардык жана Токтогул райондук ички иштер бөлүмдөрүнө барып, өздүк курамы жана иштөө шарттары, нөөмөт бөлүмчөлөрү, убактылуу кармоочу жайлардын абалы, ошондой эле жаңыдан курулуп жаткан имараттардын курулуш иштери  менен жеринен таанышып чыкты.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, өздүк курамга жыйын өткөрүлүп, учурда аткарып жаткан иштери, оор жана өзгөчө оор кылмыштар менен күрөшүү, алардын мыйзамдуу жана сапаттуу тергелишине токтолуп өттү.

Ошону менен катар Марлис Асанов ШРИИБдин жетекчилигине жана өздүк курамына ИИМдин койгон тапшырмаларын жеткирүү менен коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана алдын алууда жумуштарды күчөтүү боюнча бир нече тапшырмаларды койду.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17