Аймак

БИШКЕКТИН МЭРИЯСЫ ОШ ШААРЫНА 100 ТРОЛЛЕЙБУС БЕРҮҮНҮ ПЛАНДАШТЫРУУДА

БИШКЕКТИН МЭРИЯСЫ ОШ ШААРЫНА 100 ТРОЛЛЕЙБУС БЕРҮҮНҮ ПЛАНДАШТЫРУУДА

 135 Бардыгы /

        Кыргызстандын баш калааасы Бишкек шаарынын мэриясы Ош шаарына 100 троллейбус берүүнү пландаштырууда. Тиешелүү токтом долбоору бишкек шаардык Кеңешинин кароосуна киргизилди.

        Документте көрсөтүлгөндөй, Ош шаарына тапшырыла турган троллейбустар 2001-2018-жылдар аралыгында ишке берилген. Алардын айрымдарынын иштеп жатканына мына 15 жылдан ашты. Ал эми троллейбустун иштөө мөөнөтү 20 жылдан ашпаш кажет!

        Ошол эле учурда Бишкек шаарынын мэриясы 100 троллейбустун ордуна Бишкекке 120 электр автобус келээрин, мындан улам башкалаабызда жүргүнчүлөрдү ташууда маселе жаралбайт тургандыгын дагы кошумчалады. Аталган электр автобустар 2025-жылдын экинчи чейрегинде келмекчи.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17