Аймак

КЫРГЫЗСТАН ЭКОЛОГИЯНЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮГӨ 52 МЛН ДОЛЛАР БАГЫТТАЙТ – RESILAND CA+ ДОЛБООРУ ИШКЕ КИРДИ

КЫРГЫЗСТАН ЭКОЛОГИЯНЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮГӨ 52 МЛН ДОЛЛАР БАГЫТТАЙТ – RESILAND CA+ ДОЛБООРУ ИШКЕ КИРДИ

 3 Бардыгы /

Кыргызстанда RESILAND CA+ аттуу ири экологиялык демилге ишке кирди. Бул программа табигый кырсыктардын алдын алууга, жаратылышты коргоого жана коңшу өлкөлөр менен кызматташууну бекемдөөгө багытталган. Бул боюнча аталган долбоордон билдиришти.

Долбоордун максаты эмнеде?

Кыргызстан – кооз жаратылышка бай өлкө. Бирок акыркы жылдары экосистемалар чоң коркунучта калды: токойлор кыйылып жатат, топурак эрозияга учурап, мөңгүлөр тездик менен эрип жатат. Акыркы 12 жылда эле өлкө аймагында 900дөн ашык сел жүрүп, миңдеген адамдардын өмүрүнө жана мүлкүнө коркунуч жаралды.

RESILAND CA+ программасы дал ушундай көйгөйлөрдү чечүүгө жана келечек муундардын экологиялык коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Финансылык булактар жана мөөнөттөр

Долбоор 2024–2029-жылдар аралыгында ишке ашат. Каржылоо төмөнкү булактардан камсыздалат:

45 миллион АКШ доллары – Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (IDA) жеңилдетилген насыясы;

5 миллион АКШ доллары – PROGREEN фондунун гранты;

2,4 миллион АКШ доллары – Корея менен Дүйнөлүк банктын өнөктөштүк фондунун (KWPF) гранты.

Долбоордун негизги багыттары: • Табигый кырсыктардан калкты жана инфраструктураны коргоо;
• Мөңгүлөрдү, кар каптамын жана сел коркунучун заманбап технологиялар менен байкоо системаларын киргизүү;
• Салттуу ыкмаларды колдонуу менен айдоо жерлерди, бак-дарактарды, жолдорду жана үйлөрдү селден коргоо;
• Жергиликтүү жарандарды тартуу менен токойлорду калыбына келтирүү жана ландшафттык башкарууну жакшыртуу;
• Табигый кырсыктарга каршы туруктуулукту арттырган “жашыл”, “боз” жана биоинженердик (NBS) ыкмаларды колдонуу;
• Тоо райондорунун өнүгүүсүнө арналган Беш жылдык иш-пландын алкагында Кыргызстандын глобалдык, аймактык жана улуттук деңгээлдеги катышуусун бекемдөө;
• Борбор Азия өлкөлөрүнүн климат өзгөрүшүнө каршы аракеттерин координациялоо;
• Топурактын эрозиясына каршы күрөш жана токой чарбасын өнүктүрүү;
• “Бир айыл – бир продукт” (БАБП) программасы аркылуу элдин жашоо каражаттарын колдоо;
• Өз ара коопсуздукту камсыз кылуу үчүн регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү.

Географиясы жана фокус аймактар

Программа Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарын камтыйт. Өзгөчө көңүл Кара-Дарыя дарыясынын бассейнине бурулат – бул аймакта сел коркунучу жогору. Андагы коргоо иш-чаралары Кыргызстандын гана эмес, агым боюнча төмөн жакта жайгашкан өлкөлөрдүн да коопсуздугун камсыздайт.

Күтүлүүчү натыйжалар:

✔️ 70 миң гектар жер туруктуу башкарууга алынат;
✔️ 17 миңден ашуун адам табигый кырсыктардан корголот;
✔️ Аймактарда миңдеген жаңы жумуш орундар пайда болот;
✔️ Эл аралык экологиялык кызматташтык жаңы деңгээлге чыгат.

Расмий өкүлдөрдүн билдирүүлөрү:

▶️КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев:
“Бул долбоор – климаттык коркунучтарга жана жер кыртышынын деградациясына каршы күрөштө жаңы баракча. Биз ландшафттарды гана калыбына келтирбестен, жалпы элдин келечегин коргойбуз.”

▶️Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча өлкөлүк директору Татьяна Проскурякова:
“RESILAND CA+ – бул экология тууралуу гана эмес, адамдардын коопсуздугуна, экономиканын туруктуулугуна жана аймактык кызматташтыкка болгон инвестиция. Жаратылышты калыбына келтирүү – келечектеги кырсыктарды алдын алуу.”

▶️Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Хью Риддел:

“Биздин топтун биргелешкен жетекчилиги долбоорлорду комплекстүү негизде ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Бул өкмөттүн, жеке сектордун жана эң негизгиси — Кыргызстандын жарандарынын ишенимдүү өнөктөшү болууга шарт түзөт.”

Кыргыз тараптын демилгеси

Долбоор министр Бообек Ажикееев баштаган МЧС командасынын Дүйнөлүк банк менен жүргүзгөн стратегиялык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында иштелип чыкты.

▶️ “Биз кырсыктардан кийин гана аракеттенбестен, аларды алдын алуу жолдорун да системалуу негизде иштеп чыгууну максат кылдык. Бул долбоор – биздин туруктуу позициябыздын жана өнөктөштүккө негизделген ыкмабыздын жемиши,” — дейт министр Б.Ажикеев.

Ал кошумчалагандай, долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда ӨКМ командасынын талыкпаган аракети менен катар, Дүйнөлүк банктын учурдагы Кыргызстандагы өкүлү Хью Ридделдин, регионалдык директор Татьяна Проскурякованын жана 2020–2024-жылдар аралыгында Кыргызстандагы өкүл болгон Навид Хасан Наквинин салымы чоң болгон.

Өзгөчө көңүл – мөңгүлөргө жана суу ресурстарына

Мөңгүлөрдүн эришине каршы туруктуу чаралар көрүлөт. Суунун жоготуусун алдын алуу жана акыл-эстүү башкаруу үчүн токой чарбасын, жашыл зоналарды жана суу агымдарын багыттоочу инженердик курулмалар курулат. Бул чаралар ички коопсуздукту гана эмес, суу түгөнүп бараткан коңшу мамлекеттерди да эске алат. Сууну ичүү жана ирригация максатында узак мөөнөттүү сактоо негизги милдет катары белгиленген.

Чыныгы окуялар

Акыркы 5 жыл ичинде сел жана суу ташкыны кесепетинен 32 адам каза болду.

2023-жылдын июль айында Ош облусунун Жаңы-Жер айылы толугу менен сел алдында калуу коркунучунда калды. 3 киши каза болуп, үйлөр жана жолдор кыйрады. Көпчүлүк тургундар сел түн ичинде каптап кеткенин жана аман калуу кыйын болгонун айтып беришет.

2022-жылы Нарын облусундагы Эмгекчил айылы топурактын эрозиясынан улам кайталанып жаткан көчкүнүн курмандыгы болду. 100дөн ашык үй-бүлө коопсуз жактарга көчүрүлдү.

Ысык-Көл облусунун жашоочулары мөңгүлөрдүн эришинен улам суу деңгээлинин төмөндөшүнө жана айыл чарбага терс таасир тийгизип жатканын белгилешет.

Ушул сыяктуу бир катар окуялар өлкөнүн бардык аймактарында жаратылыш кырсыктарына каршы ыкчам жана натыйжалуу чараларды көрүү зарылдыгын дагы бир жолу далилдейт.

ММК үчүн байланыш:

Тел.: +996 550 112 177

Email: info@resiland.kg

Веб-сайт: www.mchs.gov.kg

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17