Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ФРОНТ ЫРЛАРЫ ЖАҢЫРАТ” 4-АЙМАКТЫК ФЕСТИВАЛЫ БОЛУП ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ФРОНТ ЫРЛАРЫ ЖАҢЫРАТ” 4-АЙМАКТЫК ФЕСТИВАЛЫ БОЛУП ӨТТҮ

 3 Бардыгы /

Кечээ, 16-апрель күнү, Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата Жалал-Абад облустук Славян диаспорасы тарабынан “Фронт ырлары жаңырат” аттуу 4-аймактык фестивалы болуп өттү.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, иш-чарага Куралдуу күчтөрдүн аскер-деңиз флотунун ардагерлери, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Кубанычбек Шерматов, окуучулар жана студенттер катышты.
Алгач, аскер-деңиз флотунун ардагерлери “Жеңиш” эс алуу багындагы өчпөс отко жана аскер-деңиз флотуна арналган монументке гүл коюуп, курман болгон жооркерлерди эскеришти.
Андан соң Жалал-Абад облустук Б.Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында “Фронт ырлары жаңырат” аттуу 4-аймактык фестивалы өтүп, мектеп окуучалары жана жогорку окуу жайлардын студенттери тарабынан фронт ырлары жаңырды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17