Аймак

ЭАУда “МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮКТҮ ТҮПТӨГӨН ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАР” АТТУУ КЕРЕГЕ КЕҢЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

ЭАУда “МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮКТҮ ТҮПТӨГӨН ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАР” АТТУУ КЕРЕГЕ КЕҢЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 6-ноябрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Манас шаары) 7-8-ноябрь – Кыргыз Республикасынын Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө арналган “Мамлекеттүүлүктү түптөгөн тарыхый инсандар” аттуу илимий-практикалык кереге кеңеш өткөрүлдү.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

билдиргендей, аталган иш-чараны ЭАУнун философия жана табигый илимдер кафедрасы (башчысы т.и.к., доц. Н.С. Мырзабаева), эл аралык мамилелер жана жалпы теориялык сабактар кафедрасы (башчысы фил.и.к., ЭАУ проф. Э.Г. Хурибаева), студенттер активи уюштурушту. Кереге кеңеште “Автономиялуу область түзүлгөнгө чейинки кыргыздардын турмушу” (баяндамачы т.и.к., доц. Н.С. Мырзабаева), “Улуттук өз алдынчалык жолундагы тарыхый кадам” (баяндамачы т.и.к., ЭАУ проф. Ж.А. Дүйшеев), “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына саясий сереп” (баяндамачы саяс.и.к., доц. А.С. Калиев) темалары боюнча баяндамалар берилип, алардын мазмунунда талкуулар болду. Айтылган баяндамалар темалары боюнча фото-видео материалдар көрсөтүлдү. Муну менен бирге, кереге кеңештин темасы боюнча “Мурас” аттуу бир катар сахналаштыруулар, көркөм окуулар да катышуучулардын назарына тартууланды.

ЭАУнун ректору э.и.д., проф. Айжамал Кантөрөеванын айтуусунда бул иш-чара менен мамлекетибиздин тарыхына, мамлекеттүүлүгүбүздү түптөгөн улуу инсандардын ишмердигине орчундуу көңүл бурулуп, жаштарыбызга мекенчилдик тарбия берүү иш-аракеттери кыйла илгерилетилди. ЭАУнун илим, эл аралык байланыштар жана инновациялык билим берүү технологиялары боюнча проректор, п.и.к., ЭАУ проф. Төлөгөн Омошевдин тарбия иштери, мамлекеттик тил жана коомчулук менен байланыштар боюнча проректор, фил.и.к., ЭАУ проф. Анвар Жолдошбаевдин пикирлери боюнча бул иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, өлкөбүздүн тарыхын окуп-изилдөөгө, жаштарыбызды мекенчилдик демде тарбиялоого тийиштүү салымын кошту.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17