Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 6 Бардыгы /

Ушул жылдын 11-майынан 22-июнуна чейин Жалал-Абад облусунун 44 айыл аймагында жана шаарларында элдик жыйындар өткөрүлдү.

Жыйындарга жалпы 14 007 жаран катышып, 1 634 жаран суроо менен кайрылса, ар түрдүү багыттагы 2 755 маселе көтөрүлдү.

Бүгүн облус башчысы Тилек Текебаевдин эл менен жолугушуулары Тогуз-Торо районунун Атай, Каргалык жана Тогуз-Торо айыл аймактарынын тургундары менен өткөн жыйындар менен жыйынтыкталды.

Жолугушууларга облустук укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана 600дөн ашуун тургун катышты.

Жыйындардын жүрүшүндө жарандар тарабынан негизинен жеке укуктук маселелер басымдуу болду. Ошондой эле таза суу менен камсыздоо, сугат жана саркынды суу системаларын жакшыртуу, ички жолдорду оңдоо, социалдык объектилерди куруу, Тогуз-Торо айылындагы Түндүк—Түштүк альтернативдүү унаа жолунун боюнда жайгашкан таштанды полигонун көчүрүү, жайыттарды пайдалануу, электр энергиясы жана турак жай маселелери боюнча суроолор айтылды.

Облус башчысы көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматтарын угуп, ар бир маселе боюнча тиштүү жумуштарды жүргүзүү, алардын аткарылышын көзөмөлгө алуу жана мыйзам чегинде чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17