Аймак

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАЛЫГЫНА САЛМАН НАЗЫЛБЕКОВ ШАЙЛАНДЫ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАЛЫГЫНА САЛМАН НАЗЫЛБЕКОВ ШАЙЛАНДЫ

 1,074 Бардыгы /

ОШ. Ош шаардык кеңешинин төрагалыгына “Ата Журт Кыргызстан” партиясынын депутаты Салман Назылбеков шайланды. Аны Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын 44тү тең колдоду.

Баса, Салман Назылбеков буга дейре Ош шаардык Кеңешинин 4-чакырылышында “Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон. Ушул эле сессияда вице-спикерликке “Биздин Кыргызстан” партиясынын жолбашчысы Шайырбек Нуранов шайланды. Аны дагы шаардык Кеңештеши депутаттары бир добуштан кубатташты.

Үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда өткөн кайра шайлоодо Ош шаардык Кеңешине төрт партия утуп чыгышкан. Ошентип, алган добуштарына жараша “Ата-Журт Кыргызстан” – 19, “Биздин Кыргызстан” – 15, “Улуттар Биримдиги” – 7, ал эми “Бир Бол” – 4 мандатка татыган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17