Аймак

СУЗАКТА ӨКМӨТ ИМАРАТЫН ОҢДООГО МАРАФОН ӨТКӨРҮЛДҮ

СУЗАКТА ӨКМӨТ ИМАРАТЫН ОҢДООГО МАРАФОН ӨТКӨРҮЛДҮ

 39 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак айыл өкмөтүнүн өрт кесепети себептүү жараксыз болуп калган имараты оңдолууга муктаж. Бул үчүн 19-октябрь күнү эл марафонго чогулду.

Сузак айыл өкмөт имаратын кайра калыбына келтирүү үчүн кайдыгер болбогон Сузак эли марафон жолу менен акча топтоодо. Жергиликтүү бийлик, мектептер жана башка ишкана жамааттары, ошондой эле ишкерлер жана Жогорку Кеңештин белгилүү депутаттары тарабынан марафонго акча каражаты тапшырылды.

Айыл жетекчиси Бекзад Абдурашидовдун айтуусу боюнча өрт кесепетин аныктоо үчүн жогорудан эксперттердин келүүсү күтүлүүдө. Ал эми убакыттан уттурбоо үчүн тез арада өкмөт имаратын кайра оңдоо иш аракеттери болуп жатканын айтат.

Эскерте кетсек, 10-октябрь күнү белгисиз себептерден улам Сузак айыл өкмөтүнүн имаратында өрт чыккан. Мындан имарат жараксыз калып, айыл өкмөт мурдакы паспорттук стол имаратында ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

Умида НАЖИМИДДИНОВА

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17