Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Бешик-Жон айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаарынын мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

СУЗАКТА АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ҮЙ-БҮЛӨЛӨР АРЗАН КӨМҮР МЕНЕН КАМСЫЗДАЛУУДА

СУЗАКТА АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ҮЙ-БҮЛӨЛӨР АРЗАН КӨМҮР МЕНЕН КАМСЫЗДАЛУУДА

 48 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен Сузак районунда арзан көмүр сатуу түйүндөрү уюштурууда. Бул тууралуу өкүлдун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 25-ноябрь күнү райондун Барпы айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк айылында Кум-Бел көмүрүнүн тоннасы 3 миң 500, Маркай көмүрүнүн тоннасы 4 миң сомдон сатылууда. Жергиликтүү бийлик тарабынан арзан көмүр алгач социалдык жактан каттоого алынган, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жеткиликтүүлүгү көзөмөлгө алынган.

Район акими Баратбек Сыдыкназаровдун айтымында 24-ноябрда арзан көмүр Атабеков айыл аймагында уюштурулган. Бүгүн Барпы айылында сатылууда. Алдыга дагы техникалар даярдалып, 100 тонна көмүр алып келүү аракеттери көрүлүүдө.

Сузак районунда социалдык объектилер толугу менен кышка даяр. Элдин көмүргө болгөн муктаждыгы 90 пайызга жетип калды. Райондө калкка жеңилдик жаратуу максатында арзан көмүр уюштуруу алдыдагы күндөрү да уланат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17