Аймак

АКСАКАЛ АРДАГЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

АКСАКАЛ АРДАГЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

 888 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Ала-Букада 80 жана 95 жаштагы иионун ардагерлери сыйланды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Камилов Артыкбай аксакал 1927-жылы 1-январда жарык дүйнөгө келип, 25 жылдан ашуун өзүнүң өмүрүн милицияга, элдин коопсуздугун камсыздоого арнаган. Учурда ал Ала-Бука районунда жашап, 95 жаш кутман куракка чыгып отурган кези.

Ал эми Арзыматов Жаныш аксакал 10-январь күнү 80 жаш курагын белгиледи. Ардактуу эс алуудагы ардагерлердин кутман курактары менен Жалал-Абад ОИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Капарбек Исаков, Ала-Бука РИИБдин начальниги Райымбек Сулайманов баштаган топ куттукташып, бекем ден соолук каалашты. Ардагерлерге Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалдары жана баалуу белектер тапшырылды.

Өз учурунда аксакалдарыбыз алакан жайып ак баталарын беришип, келген жамаатка ыраазычылыгын билдирип өтүштү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17