Аймак

АЛМАТЫДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖООКЕРЛЕР 14-ЯНВАРДА КАЙТЫП КЕЛЕТ

АЛМАТЫДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖООКЕРЛЕР 14-ЯНВАРДА КАЙТЫП КЕЛЕТ

 822 Бардыгы /

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында Кыргызстандан Казакстандын Алматы шаарына барган жоокерлер 14-январда кайтып келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди.

Кыргызстан 7-январда Алматыга 150 жоокер жөнөткөн жана алар аталган шаардагы стратегиялык объектилердин бири, Жылуулук электр борборун (ЖЭБ-2) кайтарып жатканы белгилүү болгон.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-январда ЖККУнун алкагында келген жоокерлер эки күндөн кийин кете баштарын, бул жараян жалпысынан 10 күнгө созуларын билдирген. Ал чет өлкөлүк аскерлердин негизги миссиясы аяктаганын, өлкөдөгү абал турукташып калганын айткан.

Казакстанга ЖККУнун эки миңден ашуун жоокери 250 аскер техника менен барган.

Токаев ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты “мамлекеттик төңкөрүш аракети” деп атаган. Тополоңдорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды “террорчулар” деп айткан.

WWW.

Азырынча башаламандыктарда канча киши мерт болгону беймаалым. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун жарыялаган. Казак өкмөтү 164 киши каза тапканын билдирип, бирок көп өтпөй аны “техникалык ката” деген негизде төгүндөгөн.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17