Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,063 Бардыгы / Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин менен Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 21-февралда Москвада жолукту. Кыргыз парламентинин басма сөз кызматы анда Мамытов Орусиядагы жаңы миграциялык эрежелерге байланыштуу маселе көтөргөнүн билдирди. “Биз жумуш менен камсыз кылуу, Орусиянын аймагына кирүү үчүн керектүү жол-жоболордон өтүү үчүн кыргыз тараптын көмөгү менен Кыргызстанда Орусиянын миграциялык борборун ачуунун максаттуулугун […]
1,064 Бардыгы / Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин менен Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 21-февралда Москвада жолукту. Кыргыз парламентинин басма сөз кызматы анда Мамытов Орусиядагы жаңы миграциялык эрежелерге байланыштуу маселе көтөргөнүн билдирди. “Биз жумуш менен камсыз кылуу, Орусиянын аймагына кирүү үчүн керектүү жол-жоболордон өтүү үчүн кыргыз тараптын көмөгү менен Кыргызстанда Орусиянын миграциялык борборун ачуунун максаттуулугун […]
КЫРГЫЗСТАН ОРУСИЯНЫН МИГРАЦИЯ БОРБОРУН АЧУУНУ СУНУШТАДЫ
22.02.2022 / Автор anarkan_kg

1,065 Бардыгы /
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин менен Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 21-февралда Москвада жолукту. Кыргыз парламентинин басма сөз кызматы анда Мамытов Орусиядагы жаңы миграциялык эрежелерге байланыштуу маселе көтөргөнүн билдирди.
“Биз жумуш менен камсыз кылуу, Орусиянын аймагына кирүү үчүн керектүү жол-жоболордон өтүү үчүн кыргыз тараптын көмөгү менен Кыргызстанда Орусиянын миграциялык борборун ачуунун максаттуулугун карап көрүүнү өтүнөбүз”,-деди Мамытов.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Вячеслав Володин бул сунушту оң кабыл алганын жана сунуш орус өкмөтүнө жөнөтүлөт деп айтканын белгиледи.
Орус парламентинин басма сөз кызматы Володин менен Мамытов алака-катышты өнүктүрүү жолдорун, тиешелүү комитеттердин өз ара кызматташуусу өңдүү маселелерди талкуулаганын кабарлады.
“Ошону менен катар тараптар миграциялык саясатты, тактап айтканда, эмгек мигранттарын колдоо, Кыргызстанда орус тилин окутуу маселелерин, экономикалык жана гуманитардык байланышты талкуулашты. Талант Мамытов Вячеслав Володинди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды”, – деп айтылат маалыматта.
Мунун алдында Кыргызстан Орусияга жаңы миграциялык эрежелерине байланыштуу нота жөнөткөн. Анда Бишкек Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачып берүүнү өтүнгөн.
Былтыр жыл аягында Орусияда миграциялык мыйзамдарын өзгөрткөн. Ага ылайык, мындан ары чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жугуштуу оорусу бар-жогуна текшерилип, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу зарыл. Ушундан улам айрыкча Москвада каттоого турууга келгендердин узун кезеги пайда болгон.
Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн жана анда депутаттар Орусиядагы мигранттарга коюлган жаңы талаптар аларга кошумча түйшүк жаратып жатканын айтышкан.
Кыргызстандын Евразия экономикалык комиссиясындагы (ЕАЭК) өкүлдөрүнүн бири Алтынай Өмүрбекова Орусияда иштеген мигранттарын чектеген мыйзамды кайра карап чыгуу сунушу берилгенин билдирген.
ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
-
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg ИШТЕБЕГЕН ЖАРАНДАРГА МЫЙЗАМСЫЗ ЭМГЕК АКЫ ТӨЛӨНГӨНДҮГҮ АНЫКТАЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.