Аймак

БУУнун ДҮЙНӨЛҮК АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ СОЦИАЛДЫК КОРГОО СИСТЕМАСЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮ ИШТЕРИН КОЛДООДО ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ

БУУнун ДҮЙНӨЛҮК АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ  СОЦИАЛДЫК КОРГОО СИСТЕМАСЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮ ИШТЕРИН КОЛДООДО ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ

 1,599 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасы – БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) санариптештирүү иштерин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жана Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке социалдык коргоо системасын колдоо максатында компьютердик жабдууларды тапшырды.

Жабдууларды тапшыруу Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын “Улуттук социалдык реестрди санариптештирүү – санариптик социалдык паспорттор” долбоорунун алкагында өттү. Маанилүү жабдууларды сатып алуу жана техникалык колдоо Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Улуттук социалдык коргоо системасына жана мамлекеттик, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы болуп эсептелет. Мындан тышкары, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы социалдык паспортторду санариптештирүүнү ишке ашыруу үчүн социалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу боюнча окутууларды өткөрдү.

«Дүйнөлүк азык-түлүк программасы министрликтин эң жакын өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда. 2013-жылдан бери биз аялуу үй-бүлөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун, туура тамактануусун жана бакыбаттуулугун жогорулатуу боюнча бир катар ийгиликтүү долбоорлорду биргеликте ишке ашырдык. Бүгүн Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын салымына ыраазычылык билдиребиз. Жабдуулар министрликтин ишин жакшыртат деп ишенебиз», – деди Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басарыНурдөөлөт Базарбаев.

Жабдуулар социалдык жактан корголгон аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн санариптик маалымат базасын түзүү үчүн 74 айыл аймагына жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигининрайондук бөлүмдөрүндө колдонулат. Бул кадам натыйжалуулукту, маалымат коопсуздугун жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр тууралуу анализ менен мониторингин жакшыртат. Мындан тышкары, эффективдүү маалымат алмашуу жана маалыматтарды өз убагында жаңыртуу үчүн социалдык паспорттун санариптик системасы “Түндүк” мамлекеттик маалымат системасына байланыштырылат.

«Биздин агенттиктин негизги милдети – мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өркүндөтүү жана оптималдаштыруу. Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен биз мамлекеттик кызматкерлерди керектүү жабдыктар менен камсыздай алабыз жана санариптештирүү иштерин жакшыртабыз», – деди Алыкулов Рамис Муратбекович, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары.

Учурда «Социалдык паспорттун» реестри (аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жеке профилдери) кагаз жүзүндө жүргүзүлөт. Мындан улам аны колдонуу жана бенефициарлар тууралуу изилдөө жүргүзүүнү чектейт.

“Дүйнөлүк азык-түлүк программасы “эч кимди артта калтырбоо” принциптерин эстен чыгарбайт, өзгөчө кризистен кийин катуу жабыркаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү унутпоо керек. Социалдык паспортторду санариптештирүү аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөр өкмөттүн маалымат базасына катталууга, медициналык жана билим берүү мекемелери аркылуу белгилүү жеңилдиктерди алышат, ал эми өкмөт кыйынчылыкка туш болгондорду аныктоо жолдорун жакшыртат жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн бирдиктүү маалымат базасын түзөт”, – деп билдирди Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы директорунун орун басары Хилке Дэвид.

#                                   #                                          #

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн:

Алмаз Чороев, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Кыргыз Республикасы

Мобилдик телефон: +996550577597, e-mail: almaz.tchoroev@wfp.org

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17