Аймак

НООКЕНДЕ ЖҮЗ АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН, ЖАЛГЫЗ БОЙ ЖАНА КѲП БАЛАЛУУ ЭНЕЛЕР ТУРАК ЖАЙЛУУ БОЛУШТУ

НООКЕНДЕ ЖҮЗ АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН, ЖАЛГЫЗ БОЙ ЖАНА КѲП БАЛАЛУУ ЭНЕЛЕР ТУРАК ЖАЙЛУУ БОЛУШТУ

 1,137 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 5-июнда Ноокен районунун Аримжан айылындагы 100 батирлүү 25 социалдык турак үйдүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, долбоорго демөөрчүлүк кылган “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана шаарчанын тургундары катышты. Ири демилгенин алкагында курулган шаарчада коомдун аярлуу катмарындагы аз камсыз болгон, жалгыз бой жана кѳп балалуу энелер үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөн.

Облус өкүлү турак жай ээлерин куттуктап, мында тургундар үй менен гана камсыз болбостон, 100 орундуу тигүү ишканасы, нан бышыруучу цех, ФАП, мечит жана дүкөн, кичи футбол аянтчасы да курулганын белгиледи. Бул аракет шаарча жашоочуларынын муктаждыктарын камсыздоо менен бирге, турмуш шартын жогорулатууга көрүлгөн камылга экенин айтты. Өкүл демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, облус аймагындагы социалдык-экономикалык кызматташтык алакалары мындан ары да улантылаарын кошумчалады.

Демилге “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмеси тарабынан каржыланып, жергиликтүү бийлик тарабынан социалдык шаарчага 3 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17