Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА МЕДЕТБЕК ЭРГЕШ УУЛУНА СПОРТ ЧЕБЕРИ НААМЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА МЕДЕТБЕК ЭРГЕШ УУЛУНА СПОРТ ЧЕБЕРИ НААМЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

 2,034 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ,10-июлда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери Медетбек Эргеш уулуна «Волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери» наамы тапшырылды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, ошондой эле Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча XV чемпионатынын Улуттук лигасынын эркектер клубдук командалар арасында II орунду ээлегендиги үчүн медаль жана диплом менен сыйланды.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов мындай сыйлыктар милицияга позитив алып келээрин белгилеп, Медетбек Эргеш уулун куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17