Аймак

Жалал-Абад ОИИБи: ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАГАН ЖАНА ДОСТУКТУ БЕКЕМДЕГЕН СПОРТТУК ИШ ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Жалал-Абад ОИИБи: ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАГАН ЖАНА ДОСТУКТУ БЕКЕМДЕГЕН СПОРТТУК ИШ ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ

 1,734 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Өтүп бараткан жума ичинде облус аймагындагы шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан өспүрүмдөр арасында бир топ алгылыктуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Таш-Көмүр шаарынын аймактардагы билим берүү мекемелеринин жана мектеп окуучулары тарабынан ар кандай терс көрүнүштөгү укук бузууларына жол бербөө максатында түшүңдүрүү иштери жүргүзүлүп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2015-жылдагы «Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралары жөнүндөгү» №185 мыйзамынын талаптарына ылайык жана өспүрүмдөр арасындагы «Ынтымакты бекемдөө, достукту чыңдоо» максатында 8-класстан жогору окуучулар арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Жогорудагы белгиленген максатты көздөгөн спорттук иш-чара Базар-Коргон райондук милиция бөлүмү тарабынан спорттун баскетбол түрү боюнча кыздар жана балдар арасында да мыкты уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлүп, байге ээлерине медаль кубоктор тапшырылып атайын белектер менен сыйланышты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17