Аймак

НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

 12,463 Бардыгы /

   ТОКТОМ № 1 

                                       10-сентябрь 2022-ж.  Шамалды-Сай айылы

Шамалды-Сай айылында жайгашкан Ынтымак, Тубай-1,

Тубай-2, Кызыл-Туу айылында жайгашкан Райкомнасос, Манап-Сай,

Кызыл-Туу-2, Кызыл-Туу-3, насостук стацияларын курулмалары

менен мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын жетекчиликке алып,Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз  XVII сессиясы маселени карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Достук айыл өкмөтүнүн Шамалды-Сай айылында жайгашкан Ынтымак, 

 Тубай-1,Тубай-2, Кызыл-Туу айылында жайгашкан Райкомнасос, Манап-Сай,

 Кызыл-Туу-2, Кызыл-Туу-3, насостук стацияларынын курулмалары

 толугу менен Суу ресурстары кызматына өткөрүп берүү жагы Мамлекеттик мүлк

     фондунан суралсын.

              2.Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы                                             Н.Мадалиев 

——————————————————————————————        

                                          ТОКТОМ № 1 

                       14-сентябрь 2022-ж       Шамалды-Сай айылы

Курултайдын датасын, убактысын жана ѳтүүчү жерин аныктоо,

делегаттарды кѳрсѳтүү нормасын бекитүү, жыйындарды,

чогулуштарды ѳткѳрүү графигин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз  XVIII сессиясы маселени карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Достук айыл өкмөтүндө курултайды өткөрүү датасы, убактысы жана өтүүчү жери 1-тиркемеге, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия 2-тиремеге ылайык бекитилсин.

         2.Достук айыл өкмөтүндө калктын саны 10000 ашык болгондугуна байланыштууЖергиликтүү курултайдын делегаты болуп 100 (жүз) адам ченеминде бекитилсин.

       3.Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо төмөнкүдөй ченемде

бекитилсин:

      -Шамалды-Сай айылы-56(элүү алты) адам;

      -Кызыл-Туу айылы-25(жыйырма беш) адам;

      -Достук айылы-12(он эки) адам;

      -Кудук-Сай айылы-3(үч) адам;

      -Шың-Сай айылы-2(эки) адам;

          -Сары-Камыш айылы-2(эки) адам.

4.Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындар жана чогулуштар өткөрүлө турган күн, убакыт жана жай жөнүндө расмий сайттар, массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар аркылуу кабарлоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

Айылдык кеңештин төрагасы                                                         Н.Мадалиев  

——————————————————————————————————       

Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз  XVIII сессиясынын № 1-токтомуна 1-тиркеме

Достук айыл өкмөтүндө курултайды өткөрүү датасы, убактысы жана өтүүчү жери

К/нАйылдын аталышыӨткөрүү орду, күнү, убактысыЖооптуулар
1Кудук-Сай айылы№ 41 А.Осмонов мектеби Кудук-Сай айлы 5-үй 15.10.2022-жыл Саат 10-00Абдразак уулу Б, М.Маманов.
2Шың-Сай айылыШың-Сай көчөсү 17.10.2022-жыл Саат 10-00  Т.Намазбеков, Н.Нурумбетов.
3Сары-Камыш айылыСары-Камыш көчөсү 18.10.2022-жыл Саат 10-00К.Ташиев, Абдыкалык уулу
4Достук айылыАйлыдык маданият үйү Абдувахапов көчөсү1-үй 19.10.2022-жыл Саат 10-00М.Хафизова , Т.Аскаров, Тахиржан уулу
5Кызыл-Туу айылыКичи футбол аянтчасы, Алимбек-Ата көчөсү 25-үй 20.10.2022-жыл Саат 10-00Б.Кадыркулова, З.Холдаров, М.Сыдыков, А.Дехканов
6Шамалды-Сай айылыКичи футбол аянтчасы, Ленин көчөсү 16-үй 22.10.2022-ж Саат 10-00Якубжанов М, Кубанычбек уулу, Абдрашит уулу Э.    

Айылдык кеңештин төрагасы                                                         Н.Мадалиев     

————————————————————————————————-

                                                  ТОКТОМ № 2 

                                14-сентябрь 2022-ж      Шамалды-Сай айылы

Балдар бакчаларынын тарбиячыларына

кошумча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын ЖӨБ жөнүндөгү мыйзамына ылайык Достук

айылдык  кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз  XVIII сессиясы маселени

күн  тартибинде угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

             1.Айыл өкмөтүнө караштуу  мектепке чейинки билим берүү  мекемелери

  №18 Чабалекей балдар бакчасынан 13 кызматкер,  № 25 Бакыт балдар

  бакчасынан 8 кызматкер, жалпы 21  кызматкерге  кошумча кызмат көрсөтүү  акысы

  450 (төрт жүз элүү) сомдон төлөнсүн, чыгашасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

            2. Кошумча кызмат көрсөтүү акысынын келип түшүүсү, чыгашасы,

  жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү  ФЭБ башчы Жусупжан кызы

  Гүлзинага жүктөлсүн.

            3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияларга

   милдеттендирилсин.

   Айылдык кеңештин төрагасы                                                         Н.Мадалиев

——————————————————————————————————-

Эл депутаттарынын XXVIII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезексиз  XVIII сессиясынын №2-токтомунун №1-тиркемеси

2022-жылга балдар бакчасынын атайын каражаттар боюнча киреше чыгашасынын сметасы

Кирешеси

МазмунуСумма
1Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин кошумча кызмат көрсөтүү үчүн төлөм37800
 Жалпы сумма37800

Чыгашасы

МазмунуСтатьясыСумма
1Тамак аш азыктарын алуу2218110037800
 Жалпы сумма37800

          ФЭБнун башчысы                                             Жусупжан кызы Г

                                                ТОКТОМ № 1 

                            22-сентябрь 2022-ж                        Шамалды-Сай айылы

Көп жылдык мөмөлүү бак дарактарды

эгүү үчүн жерлердитрансформациялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-статьясынын жана 15-статьясынынын 8-1–пунктунун, Кыргыз Республикасында “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” 2013-жылдын 15- июлундагы №145 Мыйзамынын 7-беренесинин 1-1-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген убактылуу жобону жетекчилике алыпДостук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XIXсессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

            1.Айыл өкмөт башчысы А. Р. Бекибаевдин маалыматы эске алынсын.

           2.Достук айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Туу айылындагы №2529, 2530, 2513, 2532, 2533, 2534, 2535, 2536, 2538, 2539, 2540,  2541,  2542,  2543, 2615 контурундагы “Айыл чарба багытындагы” жайыт категориясындагы жерден 300 га  жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы  көп жылдык өсүмдүктөр” категориясына багытын өзгөртүү (трансформациялоо) жактырылсын.

            3.Кызыл-Туу айылындагы “Айыл чарба багытындагы” жайыт категориясындагы жердин №2529, 2530, 2513, 2532,  2533,  2534,  2535, 2536, 2538, 2539, 2540,  2541,  2542,  2543, 2615 контурунан 300 га  жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы  көп жылдык өсүмдүктөр”  категориясына багытын өзгөртүү  (трансформациялоо) жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

                  4.Токтомду аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы А. Р. Бекибаевге 

милдеттендирилсин.

           5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга  жүктөлсүн.

           Айылдык кеңештин төрагасы                                                                    Н.Мадалиев

———————————————————————————————————————-

                                         ТОКТОМ № 2 

                 16-ноябрь 2022-ж                        Шамалды-Сай айылы

Балдар бакчаларынын тарбиячыларына

кошумча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жөнүндө

2022-жылдын 14-сентябрындагы  2-токтомуна

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын ЖӨБ жөнүндөгү мыйзамына ылайык Достук 

     айылдык  кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз  XXI сессиясы маселени 

     күн  тартибинде угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Айыл өкмөтүнө караштуу  мектепке чейинки билим берүү  мекемелери

 №18 Чабалекей балдар бакчасынан 12 кызматкер,  № 25 Бакыт балдар

 бакчасынан 7 кызматкер, жалпы 19  кызматкерге  кошумча кызмат көрсөтүү  акысы

2022-жылдын 1-ноябрынан күнүнө 30(отуз) сомдон иштеген күндөрү үчүн төлөнсүн.

2.Кошумча кызмат көрсөтүү акысынын келип түшүүсү, чыгашасы,

  жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү  ФЭБ башчы Жусупжан кызы

  Гүлзинага жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияларга

 милдеттендирилсин.

Айылдык кеңештин төрагасы                                                             Н.Мадалиев           

———————————————————————————————————–

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17