Аймак

БЫЙЫЛ ОКУУЧУЛАРГА БИРДИКТҮҮ МЕКТЕП ФОРМАСЫ КИРГИЗИЛДИ

БЫЙЫЛ ОКУУЧУЛАРГА БИРДИКТҮҮ МЕКТЕП ФОРМАСЫ КИРГИЗИЛДИ

 5,583 Бардыгы /

Күздүн биринчи күнүнөн тартып мектеп окуучулары кайрадан билим уясына барышат. 2015-жылы болуп өткөн конкурста бирдиктүү мектеп формасы конркурста 52026 упайга ээ болгон дизайнер Элвира Султангазиева жеңишке жеткен. 2015-2026 жылдары милдеттүү түрдө бирдиктүү мектеп формасы киргизилет деген кеп жүргөн. Бирок үстүбүздөгү жылдан тарта өзгөчө мектеп формасы милдеттүү түрдө киргизилди. Бирдиктүү мектеп формасына карата элдин көз карашы кандай экенине баам салып көрдүк.

 

Акылбек ТОКТОСУНОВ, областтык билим берүү жана илим бөлүмүнүн жетекчиси: «КООМЧУЛУКТУН БИРДИКТҮҮ ФОРМАГА ӨТҮҮ КААЛОО-ТИЛЕКТЕРИ АТКАРЫЛДЫ»

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамына 2013-жылдын 10-июнунда бирдиктүү мектеп формасы тууралуу өзгөртүү киргизилген. Аны өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев колдоп, ага кол койгон. Мына ошол күндөн тарта Билим берүү жана илим министрлиги дизайнерлер арасында улуттук колориттеги элеметтерди колдонуу менен мектеп формасынын эскиздерине сынак жарыялаган. Мининстрликтин буйругу менен сынактын калыстар  тобунун курамы бектитилип, ага Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын, Кыргыз билим берүү академиясынын, бейөкмөт жана жарандык сектордун өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын мектептеринин жаштар кыймылынын лидерлери кирген. Негизи көптөн күткөн коомчулуктун, ата-энелердин бирдиктүү формага өтүү каалоо-тилектери аткарылды. Мындан сырткары, мугалимдерге да дресс-код киригизилди. Кымбат баалуу кийимдер, алтын сөйкө, шакектер, же болбосо жоолуктар менен чүмкөнүп окуучуну сабактан алагды кылбоосу керек. Мугалим жаш муунга өрнөк болуу жагын ойлогон дизайнерлер аларга да ыңгайлуу кийимдердин моделдерин сунушташты. Азыркы мезгилде мектеп формасы менен област боюнча 1-4-класттын окуучулары 90%, 5-9-класстын окуучулары 40%, ал эми 10-11-класттар 10% камсыз болгон. Ал эми айрым райондун мектептеринин мугалимдери өздөрүнө мектеп администрациясы менен кеңешип, борбордон даяр форма алдырып жатышат. Бирок башталган иштин күнгөй-тескейи болот эмеспи, мектеп формасын даядоочу, тендерден уткан фирмалар мектептерди форма менен толук камсыз кыла албай, базарларда сапатсыз формалар сатылып, ата-энелердин нааразычылыгы пайда болду.

 

Наргиза АРТЫКОВА, Ю.А.Гагарин мектебинин директору: «БИРДИКТҮҮ ФОРМАГА ӨТҮҮ ҮЧҮН ПРОТОКОЛДОР БАР»

– Былтыркы окуу жылынын аягында ата-энелер менен чогулуш өткөргөнбүз. Анда ата-энелер тарабынан колдоого алынып, быйылкы жылдан тарта биздин мектеп да толугу менен бирдиктүү формага өтөбүз деген план койгонбуз. Бирдиктүү формага өтүү үчүн протоколдор бар. Бир фирма менен келишим түзүп, формаларын алып жатабыз. Бирок эми эл деген эл да, ар түрдүүата-энелер да бар. Бири жакшы десе, башкасы орточо дейт. Эми акчасына жараша сатып алып жатабыз. Кээ бирин мектеп формалары канааттандырбай, базардан деле сатып алып жатышат. Мен дагы өзүмүн балдарыма мектептен алдым эле, сапатына нааразы эмесмин. Базарда деле ошол формаларды арзан баада сатып жаткандар бар. Бирок сапаты айырмаланышы мүмкүн мектептин формасынан, себеби эмнеге форманы арзан акчага сатмак эле? Мунун дагы кандайдыр бир өзгөчөлүгү болушу мүмкүн. Аларга да баасы туура келбесе эмне арзан баага сатуунун зарылчылдыгы бар.

 

Умар АБДУГАПИРОВ, сатуучу: «ФИРМАЛАРДАН КЕЛГЕН ТОВАРЛАРДЫ САТЫП ЖАТАБЫЗ»

– Формалар негизинен чыккан фирмасына байланыштуу кымбат болушу мүмкүн. Биз “Даткайым”, “Алтын балалык” деген фирмалардан келген товарларды сатып жатабыз.  1-4-класстарга кызгылт өңдөгү костюмдар, ал эми 5-11-класстарга боз түстөгү костюмдарды сатуудабыз. Кызгылт түстөгү костюмдар 1200 сом, боз түстөгүсү 1500 сомдон болуп жатат. Форманын ичинде: костюм шым, жакет, галстук болот. Быйыл соода-сатык да жакшы болуп жаткан учур, бирок конкуренция көп. Былтыр ушундай эле мектеп формаларын 1500 сомдон сатканбыз. Быйыл 1200 сомдон сатып жатабыз. Мектептерде 1800 сомдон сатылып жатат экен. Базарда арзан болгону менен сапаты мектептеги форма менен бирдей эле. Жадагалса бир эле фирмадан чыккан формалар экен.

Айназик АДЫЛБЕК кызы, окуучу: «БААСЫ ДА ЭЛДИН ЧӨНТӨГҮНӨ ТӨП КЕЛЕТ»

 

– Форманын сапаты, түсү жакшы, мага жакты. Башка формаларга караганда да өзгөчөлөнүп турат экен. Фасону жакшы болгону үчүн кийгенде да, жарашыктуу көрүнөт. Биздин маданиятка ылайык, өтө деле кыска же узун эмес, орточо ыңгайлуу. Форма үч бөлүктөн турат экен, костюму, жакети жана юбкасы менен. Анын үстүнө баасы да элдин чөнтөгүнө төп келет. Себеби 1500 сомго жөнөкөй эле костюм, жакет, юбка ала албайсың. Эгер өз өзүнчө ала костюм, жакет, юбка ала турган анын суммасы 3000 сомду жөн эле чапчып калат. Окуучулар үчүн мектептен да форма алса болот, шаарга түшүп, издеп убара болгуча мектептен алган жакшы. Бирок мектепте 1800 сомдон болуп жатат, шаарда арзан болушу мүмкүн бирок алардын сапатына карап баасы төмөн болсо керек деп ойлойм.

Назира ИБРАГИМОВА, ата-эне: «ОКУУЧУ ОКУУЧУДАЙ БОЛУП ЖҮРГӨНҮ ЖАКШЫ»

– Мектептерде окшош форма кийилгени жакшы. Форманын сапаты да, тигилиши да талапка жооп берерлик. Менин 4 балам бар. Эки балам чоң класста окуганына байланыштуу аларга боз түстөгүсүн, башталгыч класста окуган кыздарыма кызгылт түстөгү формаларды базардан эле алып бердим. Мен тандаган формалар  «Алтын балалык» деген фирманын формалары экен. Өзүм тигүүчү болгондугума байланыштуу, тигилгени жана фасону мени канааттандырды. Болгону 1500 сомдон алдым, боз түстөгүсүн, кызгылт түстөгүгүн 1300 сомдон алдым. Комплектиси да жакшы экен андайды өз өзүнчө алсаң кымбатка түшмөк. Биз деле мурун окуп жүргөндө окшош эле форма фартук кийип барчу элек. Кантсе да окучу окуучудай болуп жүргөнү жакшы

 

Оомат АКМАТАЛИЕВ, окуучу:. «АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУНДА БУЛ МАСЕЛЕ ЧЕЧИЛГЕН»

– Акыркы эки жылда форма жөнүндө көп эле сөз болду. Шаардын мектептери да кийип баштаган. Бул нерсенин өзүнүн жакшы жана жаман жактары да бар деп ойлойм. Көп балалуу үй-бүлөлөргө бир аз ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Көп баланы деле камсыздоо кыйынга тураары белгилүү. Форманы мектепте бизге сунуштаган. Ата-энелер чогулушунда бул маселе чечилген. Мектепте форманы 1800 сомго алабыз. Бирок базарда арзан деген пикирлер да болуп жатат. Айырмасы 200 же 300 сом болуш керек. Сапаттуу жана татыктуу болсо көздү жумуп алсаң болот. Биздин айылда окуучулардын көбү мектептен форманы алып жатышат. Бирок классикалык форманы биротоло кийбесин деген тыюу жок болгондон кийин кийип барсак боло берсе керек.

Статистикага карасак бир баланы мектепке даярдоо үчүн 1500 сом мектеп формасы, 350-500 сомго чейин ак көйнөгү, 850-1000 сомго чейин бут кийими, 500-1000 сомго чейин сумкасы, окуу куралдары 500-1000 сомго чейин болот. Жалпысынан бир балага 5000 сом чыгымдалат экен.

 

Акылай КАРАБАЕВА, «Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17