Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,630 Бардыгы / Кыргызстанда соӊку жылдарда улам азайып бараткан илбирсти сактап калуу максатында 1995-жылы атайын Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругу уюштурулган. Бул абдан сейрек жаныбарды аткандыгы үчүн мергенчи мындан ары 500 миӊ сом айыпка дагы жыгылат. Ошентсе деле өлкөбүздө бул өӊүттөгүаракет анчалык чеке жылытпайт. Бул жөнүндө Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү […]
2,631 Бардыгы / Кыргызстанда соӊку жылдарда улам азайып бараткан илбирсти сактап калуу максатында 1995-жылы атайын Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругу уюштурулган. Бул абдан сейрек жаныбарды аткандыгы үчүн мергенчи мындан ары 500 миӊ сом айыпка дагы жыгылат. Ошентсе деле өлкөбүздө бул өӊүттөгүаракет анчалык чеке жылытпайт. Бул жөнүндө Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү […]
ТУРАТБЕК САТИМБАЕВ: “ИЛБИРС АТКАН МЕРГЕНЧИ ЖАРЫМ МИЛЛИОН СОМ АЙЫПКА ЖЫГЫЛАТ”
17.09.2018 / Автор aymak2,632 Бардыгы /
Кыргызстанда соӊку жылдарда улам азайып бараткан илбирсти сактап калуу максатында 1995-жылы атайын Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругу уюштурулган. Бул абдан сейрек жаныбарды аткандыгы үчүн мергенчи мындан ары 500 миӊ сом айыпка дагы жыгылат. Ошентсе деле өлкөбүздө бул өӊүттөгүаракет анчалык чеке жылытпайт. Бул жөнүндө Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси Туратбек САТИМБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде агынан жарылды.
-Туратбек мырза, Кыргызстанды туруктуу байырлаган илбирс өтө сейрек гана кездешчү жаныбарлардын катарына кирет турбайбы?
-Ооба. Илбирс ушул тапта дүйнөнүн он үч гана өлкөсүн туруктуу байырлайт. Бул – деӊиз деӊгээлинен 3000 метр бийиктикте жашоого абдан ылайыкташкан мышык уруусундагы эӊ ири жырткыч жана сүт эмүүчү. Негизинен Борбор Азиянын тоо кыркаларын туруктуу мекендейт. А Кыргызстанда Тянь-Шань тоо түйүнүнө кирген бардык тоо кыркаларында, атап айтканда, Курамин, Фергана, Чаткал, Пекем, Угам жана Талас тоолорунда гана кездешет.
-Булардын башка жаныбарлардан деги олуттуу айырмачылыгы эмнеде?
-Маселен, бир илбирс жайлаган жерге экинчиси эзели жолобойт. Анткени, бул өтө каардуу жана абдан өжөр жаныбар. Кокусунан булар жолугушуп, анан каршылашып калышса, бири сөзсүз катуу жараланат, же өлүп тынат. Ошол себептүү булар үйүр-үйүр болуп чогуу жүрүшпөйт. Жалгыздап гана ар жерде өздөрүнчө жансакташат.
-Бирок, илбирс анча деле узак жашабайт турбайбы?
-Ооба. Ашып баратса он-он эки жыл гана өмүр сүрүшөт. Булардын кууту тээ февраль-март айларында катуу жүрөт. Анан 98-103 күндөн мый туулат. Ургаачысы эки жылда бир гана тууп, балдарын эки-үч жыл өзүменен кошо ээрчитип жүрүп, жем тапканга жана аны кантип жегенге секин үйрөтөт. Айтмакчы, илбирстин ургаачысы эки жашында гана араӊ жетилет.
-Албетте, дайыма чаржайыт жана чачырап жүрүшкөн бул жаныбарларды эсептөө дегеле оӊой эмес. Сиздин божомолуӊузда Кыргызстанды канча илбирс байырлайт экен?
-Ушул тапта “Кыргызстандын эӊ бийик тоолорун 150-500 чакты илбирс гана мекендейт” деген божомол бар. Анткени, илбирс – дүйнөдөгү эӊ кымбат жана абдан баалуу жаныбар. Өзүбүздө, Кыргызстанда, бир илбирс он миӊ долларга бааланат. Ал эми чет өлкөлөрдө наркы кырк миӊ долларды чапчыйт. Дал ушунун өзү булардын тымызын атылып, бара-бара кыскарышын дагы ого бетер шарттап жатпайбы.
Дагы өкүнүчтүүсү: илбистер мекендешкен бийик толуу аймактарда дагы соӊку жылдарда катарынан кен-байлыктар казылып жатат. Дал ушунун кесепетинен булардын туруктуу чөйрөсү дагы улам бузулуп, таптакыр айла куругунда алар башка тыптынч жактарды карай ооп кетишүүдө. Мындан тышкары алардын негизги тоюту – ача туяктуу сүт эмүүчүлөр дагы бара-бара суюлуп бараткандыгы өкүнүчтүү.
-Туратбек мырза, анда эмне үчүн бул өӊүттө байма-бай коӊгуроо кагып, Кыргыз Өкмөтүнүн кулагын жебей жатасыздар?
-Биздин талыкпаган аракетибиздин аркасында гана 1995-жылдын 10-мартында 72 080 гектар аянтты ээлеген Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругу уюшулган. Ушул тапта республикабыздын бардык булуӊ-бурчунда Pantera, Германия тарабынан каржыланган NABY, Эл аралык илбирсти коргоо фонду (Snow Leopard Troust), ошондой эле Illegal Trade (IWT) Challenge Fund уюмдарынын колдоосу аркасында “Корукчу-Жаран” жаратылыш коргоо программасы ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жатат.
Баса, илбирсти аткандар үчүн ар өлкөнүн өзүнчө мыйзамдары бар. Маселен, Кытайда браконьер жыйырма жылга түрмөгө кесилет. Ал эми Кыргыз Республикасында бир илбирс атканы үчүн мергенчи 500 миӊ сом гана айыпка жыгылат. Албетте, азыркындай каатчылык заманда бул оӊой табылчу каражат эмес! Бирок, ошол айыпты төлөттүрүү дагы ушул тапта оӊбогондой азапка айланып олтурат.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО ШАЙЛООГО АРАЛАШКАН КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ ЧАРА КӨРҮЛДҮ
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg БЫЙЫЛ СОГУШ АРДАГЕРЛЕРИНЕ 100 МИҢ СОМДОН ЖАРДАМ БЕРИЛЕТ
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ЧЕРНОБЫЛЬ АПААТЫНА 38 ЖЫЛ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИ АКШдан САПАТТУУ ГАНА ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫН АЛЫШАТ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШТОГУ «ӨЧПӨС ПОЛК» АКЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ
-
30.05.2023 / Автор anarkan_kg МИЛИЦИЯНЫН ПОЛКОВНИГИ НУРБЕК ЖОЛОЕВ АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА УЗАТЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.