Аймак

ОБЛУСТУК КЛИНИКАЛЫК ООРУКАНАДА ӨНҮГҮҮ БАР

ОБЛУСТУК КЛИНИКАЛЫК ООРУКАНАДА ӨНҮГҮҮ БАР

 4,250 Бардыгы /

 

Шаар тургуну, аксакал Рашид Закиров редакциябызга баш багып, зыяратынын себебин төмөнкүчө айтып баштады: «Биз адамдар акыркы учурларда коомубузда болуп жаткан терс көрүнүштөрдү бат байкайбыз, сындап талап жатып калабыз. Бирок жакшы жактарды айткан адам жок. Мен быйыл облустук оорукананы аймагындагы чоӊ өзгөрүүлөрдү көрдүм. Ушуга жетекчиси Жаныбек Карабаевге шаардын бир жараны катары ыраазычылыгымды силер аркылуу билдирейин деп келдим. Бул кишинин жетекчилиги алдында оорукананын сырттан көрүнүшү жагымдуу болуп жазды жайлай түрдүү гүлдөр ачылып турду. Бул бир топ эмгекти талап кылаары белгилүү. Павлония деген башкача даракты көрдүм. Газондор өсүп, заман талабына ылайык олтургучтар пайда болду. Бул оорулуулардын жакындары үчүн абдан керектүү эле. Андан сырткары аксакалдар соту менен жолугушууларды уюштуруп, аларга кеӊеш салып оорукана аймагында тазалык, тартипти сактоо үчүн иш аракеттерди макулдашат. Ооруканада быйыл жаӊы бөлүмдөр ачылды, оор абалдагы бөлүмдөрдө капиталдык оӊдоолор жүрдү. Анын гумандуу иш алпаргандыгына, жетекчилик аракетине сырттан карап ыраазы болуп жүрөм. Ар дайым конференцияларды уюштуруп кызматкерлердин билимин өркүндөтүүгө салымын кошуп келет. Бул жигитти студенттик поликлиникада иштеп жүргөн кезинен тааныйм. Ошондо эле жакшы иштечү. Жогоруда айткан иштерде салым кошкон жалпы жамаатына рахматымды айтам. Ишиӊер илгерилей берсин деген тилегим бар» – деп сөзүн жыйынтыктады. Мындан улам Жалал-Абад областык клиникалык ооруканасына барып директору Жаныбек КАРАБАЕВге жолугуп, аткарылган иштер тууралуу маалымат алдык.

 

ЖАОКОнун директору Жаныбек КАРАБАЕВ:

Биздин Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасы 575 керебетке ылайыкташтырылган. Тактай кетсек, чоӊдор стационарында – 330 керебет, балдар стационарында – 110 керебет, төрөт үйүндө – 110 керебет, КВО – 25 керебет бар. Ал эми оорукана боюнча медициналык кызматкерлердин жалпы саны – 1220 болсо, анын 213ү дарыгерлер, 665и медайымдар, 253ү кичи медайымдар, башка жумуштагылар 207ни түзөт.

2018-жылы консолидардык бюджетке – 218 272,9 миӊ сом каралган.

Анын ичинен:

Дары-дармекке – 34906, 9 миӊ сом.

Тамак-ашка – 11 175,6 миӊ сом.

Коммуналдык чыгымдарга – 12  010,0 миӊ сом сарпталган

Негизинен ооруканада акыркы жылдары көптөгөн алгылыктуу иштер аткарылууда. Айтсак, Германия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен 2017-жылы курулуп башталган Ыкчам медициналык жардам  бөлүмүнүн  2 кабаттан турган имаратынын курулушу бүгүнкү күндө дээрлик 90%ы аяктап ишке берүү алдында турат. Андан башка жергиликтүү өкүлчүлүктүн колдоосу жана Кувейт өлкөсүнүн “Ас-Салам” кайрымдуулук фондусунун каржылоосу менен 50 керебетке ылайыкташтырылган “Жалпы күйүк” бөлүмүнүн  имараты курулуп, заманбап жабдыктар менен жабдылып ачылуу аземи өткөн эле жумада өткөрүлдү. Ага жалпысынан 29 млн сом акча сарпталды. Андан сырткары оорукананын төрөт үйүнүн 3 кабатына – 1 880 466 сомго, Инфекция бөлүмүнө 1 114 328 сомго капиталдык оӊдоо иштери жүргүзүлдү. Оорукананын дарыканасын да стандартка ылайык, заманбап кылып толугу менен 3 342 755 сомго капиталдык ремонттон өткөрүп, үстүбүздөгү айда ачылуу аземин өткөрдүк. Азыркы учурда жаш балдар травматология, хирургия бөлүмдөрүнүн операциялык блогуна толугу менен капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүүдө. 798 миӊ сомго оорукананын эски тосмолорун алып салып, жаны тосмолор (решетка) орнотулуп, жаӊы дарбаза коюлду. Ооруканага көптөгөн заманбап медициналык аппаратуралар алынды. Атап айтсак: аквадистилятор, ингаляция үчүн аппарат, хирургиялык жарык берүүчү, пулсьоксиметрлер, хирургиялык элетроотсос, АИСТ-1  жылыткычы  менен пеленальный столдор, фототерапия лампасы, аба өткөрүп берүү концентраторлор, ИВЛ аппараттары, ЭКГ аппараты, гемодиализ аппараты, аккумулятор батареясы, ымыркайлар үчүн матрац, кандын экспресс анализатору, дефибрилятор жана башка ушул сыяктуу аппараттар сатылып алынды.

Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрь күнү Кытай Эл Республикасынын Ош областынын генералдык консулу Сун Ли Юн тарабынан Жалал-Абад областык клиникалык ооруканасына 1 даана полуавтоматтык биохимиялык анализатор, 5 даана көп функционалдуу монитор, 6 даана  3 каналдуу бир суткалык ЭКГ (холтер) жана 100 даана көп функционалдуу керебеттер белекке берилди.

Ошондой эле оорукананын аймагында жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча да көптөгөн иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле жакынкы күндөрү оорукананын ичиндеги жолдорду оӊдоп түзөө иштери планга коюлган.

КР президентинин колдоосу менен 136.200 миллион сомго 100 керебетке ылайыкташтырылган көп тармактуу оорукананын  проектиси даярдалып, тендер иштери аяктап, имараттарынын курулушу  2018-жылдын октябрь айынын 20ларынан башталышы күтүлүүдө.

Жалпысынан быйылкы жылдын тогуз айын жакшы көрсөткүчтөр менен жыйынтыктап, өнүгүүлөр болду.

           

Динара Садыкова, ЖАОКОдо дарыкананын жетекчиси:

– Бул жерде 9 кызматкер иштейбиз. Алардын экөө жогорку билимдүү, 5и орто билимдүү. Бул дарыкана 1985-жылы түптөлгөн. Аптека 2 бөлүктөн турат. Өндүрүш бөлүмү жана даяр дарылардын кампасы. Негизинен инъекциялык растворлорду, 10% натрий хлорун, 10% глюкозаларды  чыгарып областтык оорукананы камсыздап келгенбиз. Бирок 2012-жылкы өкмөттүн токтомундагы талаптарга толук кандуу жооп бербегендигине байланыштуу 2017-жылдын август айынан капиталдык оӊдоп-түзөө иштери башталып, мына заманбап имаратка кирип олтурабыз. Бул капиталдык оӊдоо иши олбасттык оорукананын бюджетинин эсебинен оӊдолду. Бул үчүн жетекчинин эбегейсиз чоӊ аракети кетти. Ал кишинин эмгеги менен курулгандан тарта оӊдоло элек имаратыбыз азыр жаркырап заман талабына ылайык болуп турат. Мурдагы абалыбыз абдан оор эле, бир бөлмөгө дарыбызды да башкабызды да коюп аябай кыйналчубуз. Азыр эми бир нече бөлмөлөрүбүз бар жана алар керектүү жабыктар менен жабдылган. Кампа бөлмөсүнө кошумча бөлмө уланды. Кышкысын абдан суук болчу, азыр эми температураны өзү көзөмөлдөй турган жылыткычтар коюлду. Учурдан пайдаланып жетекчибиз Жаныбек Калматовичке эмгек жамаатыбыздын атынан тереӊ ыраазычылык билдирем.

ИК бөлүмүнүн башчысы Сопубек Гаиббердиев:

– Мындан бир жыл мурун биздин инфекциялык бөлүмүбүз авариялык абалда иштечүбүз. Быйыл баары толугу менен капиталдык оӊдоодон өтүп, заманбап  4 функционалдуу керебеттер алынып келинди. Негизинен биздин бөлүм 52 орундуу. Өзүӊүздөр билгендей ракавина, санузел ооруканада маанилүү орунду ээлейт эмеспи, алардын баары жаӊыланды. Бул үчүн жетекчиликке ыраазычылык билдиребиз.

 

ГҮЛГӨ ОРОЛГОН ООРУКАНА

 

ЖАӉЫ АЧЫЛГАН КҮЙҮК БӨЛҮМҮ 

 

ТӨРӨТ ҮЙҮНДӨ ШАРТ  ЖАКШЫРТЫЛДЫ

 

 

ДАРЫКАНА КЕӉЕЙТИЛДИ

 

Гүлмайрам САБИРБЕКОВА

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17