Аймак

ПАРИЖДЕ КЫРГЫЗ КӨРКӨМ ӨНӨРҮНҮН КӨРГӨЗМӨСҮ АЧЫЛДЫ

ПАРИЖДЕ КЫРГЫЗ КӨРКӨМ ӨНӨРҮНҮН КӨРГӨЗМӨСҮ АЧЫЛДЫ

 1,278 Бардыгы /

 ПАРИЖ. Кыргызстан Аялдар Конгрессинин делегациясынын Франциянын башкалаасына жасаган атайын сапарынын учурунда Париждин атактуу «Альфалибра» арт-галереясында Кыргыз улуттук кийимдеринин жана кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү дагы уюштурулду.

            Бул иш-чарага Кыргызстандын Францидагы Элчиси А. Исаев, Франциянын Кыргызстандагы Элчиси Микаэль Ру, Франциянын Улуттук Ассамблеясынын депутаты Серен Моборнь, Париж шаарынын вице-мэри Оливия Польски, ошондой эле Франциянын Тышкы иштер министрлигинин абройлуу өкүлдөрү жана коноктор катышышты.

            Кыргызстандын жана Франциянын Элчилери мындай көргөзмөлөр эки мамлекеттин калкынын достугун ого бетер бекемдеп, элдердин уламдан улам жакындашуусуна гана өбөлгө жаратат деген ойлорун билдиришти. Анткени, кол өнөрчүлүгү ар бир элдин турмуш-шартынын өзгөчөлүктөрүн бекем айгинелеп турат. Мында өзгөчө роль айымдарга таандык. Анткени, аязлаты бардык улуттарда – үйдүн куту жана ынтымакчылыктын символу.

Айтмакчы, бул көргөзмө үч күнгө созулат. Бул аралыкта Кыргызстан Аялдар Конгрессинин делегациясы Франциянын «MEDEFInternational» ишканасынын шарты менен жакындан таанышып, Франциянын Сенатынын жана Улуттар Ассамблеясынын депутаттары, Париж шаарынын мэри, бул калаада жайланышкан ЮНЕСКОнун жетекчилиги, ошондой эле бир катар жергиликтүү бейөкмөт уюмдар менен дагы жолугушуп, гендер маселесин орой-чарай талкуулашат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17