Аймак

ПРЕЗИДЕНТ С.ЖЭЭНБЕКОВ: «БИЗ ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ ЧӨЙРӨСҮ ЭЧ КОРРУПЦИЯЛАНБАГАН, АК НИЕТ ИНВЕСТОРЛОР ҮЧҮН ЖАГЫМДУУ ШАРТ ЖАРАТУУГА МИЛДЕТКЕРБИЗ!»

ПРЕЗИДЕНТ С.ЖЭЭНБЕКОВ: «БИЗ ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ ЧӨЙРӨСҮ ЭЧ КОРРУПЦИЯЛАНБАГАН, АК НИЕТ ИНВЕСТОРЛОР ҮЧҮН ЖАГЫМДУУ ШАРТ ЖАРАТУУГА МИЛДЕТКЕРБИЗ!»

 1,846 Бардыгы /

БИШКЕК. «Биз Жер казынасын пайдалануу чөйрөсү коррупцияланбаган, ак ниет инвесторлор үчүн өтө жагымдуу шарт гана жаратышыбыз керек! — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселени катуу караган Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйынында.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын жаратылыш байлыктарынын жоопкерчиликсиз жана өтө сарамжалсыз пайдаланылып жаткандыгына бөгөт коюу — бул келечекке болгон негизги камкордук экендигин дагы баса белгиледи.

– Кендерди казып алуу боюнча эскирген гана ыкмаларды колдонууну, лицензиялык макулдашуунун талаптары сакталбаган учурларды, коррупциялык схемаларды токтоосуз жоюу зарыл! Жер казынасын пайдалануу жаатында чаржайыт саясат жүргүзүү, коррупциянын орун алышы жана мыйзам чыгаруунун жаңыланбай калганы — өлкөбүздүн инвестициялык имиджине дагы кесепетин гана тийгизип келе жатат, — деп тызылдады Президенти Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз мамлекетинин башчысы дагы бир жолу так пландоонун жана ачык стратегиянын таптакыр жоктугунан, жер казынасын пайдалануу чөйрөсү абдан коррупцияланган жана криминалдашкан тармакка гана айланып кеткендигин дагы жашырган жок.

– Кайсы инвестор, анын укуктары жана кызыкчылыктары мамлекет тарабынан корголбой турганын билип туруп, өлкөгө өзүнүн финансылык каражаттарын салат, эй? Кантип биз экономикабызды көтөрүп, айлык акыларды төлөп, пенсия, пособиелерди убдагында төлөйбүз? Бул тармактагы абалды оңдоо максатында ыкчам чаралар көрүлбөсө, өлкөбүздүн экономикасына, калктын турмушуна терс таасир бүгүнкүдөн беш бетер күчөйт, — деп тызылдады Президенти Сооронбай Жээнбеков. – Андыктан, Кыргыз Өкмөтүнөн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, өлкө мыйзамдарына ылайык иштеп жаткан компаниялардын ишмердигин токтотууга жасалган мыйзамсыз аракеттерге эч жол бербөөнү талап кылам.  Аймактарда тартипсиздикти уюштургандарга жол бербөө жана жергиликтүү калктын арасында жетишээрлик түшүндүрүү жараянын жүргүзүү — биздин башкы мирлдетибиз. Быйыл Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги Саммити Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Бишкек шаарында өтөт. Бул эл аралык иш-чаранын алдында өлкөдөгү маалыматтык маанайды бузгусу келген күчтөр бар. Аны баарыңар көрүп-билип жатасыңар. Бүт дүйнө Кытайдын өнүгүү темпин эсепке алып, ага жараша өзүнүн экономикалык саясатын жүргүзүп жатат. Кытайга чектешпеген мамлекеттер дагы дал ушуга умтулуп жатышат. А биз Кытай менен чектешпиз! Муну биз өнүгүү үчүн жагымдуу шарт катары гана сөзсүз пайдалануубуз абзел! Тышкы саясаттагы өнөктөштүк мамилелерге абдан кылдат мамиле кылуу — биз үчүн бүгүнкү күндө абадай зарыл. Атайын чагым уюштургандарга мындан ары таптакыр жол бербейбиз!

Андан ары Кумтөр жөнүндө кеп улаган Президент «Кумтөр» менен келишимди Кыргыз Өкмөтү азыр дыкаат иликтеп, анан анализдеп жаткандыгын, көп суроолорго ошондо гана жооп алынаарын баса белгиледи.

– Инвестициялардын келиши үчүн тоо-кен тармагындагы, жалпы эле өлкөбүздөгү инвестициялык климатка ушул тапта аяр мамиле кылуубуз абзел! — деди Президент Сооронбай Жээнбеков. – Бүгүн бул маселени бекеринен Коопсуздук Кеңешинин кароосуна койгон жокпуз. Анткени, аталган көйгөйлөрдүн бардыгы мыйзам нугунда чечилип, бул тармакка инвестиция ачык, таза жол менен гана тартылышы керек! Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары кен-байлыктарды мыйзамсыз казып алууга бөгөт коюу, ар кандай баш аламандыктарды уюштурган жана шыкактаган адамдарды так аныктап, аларды тегиз кылмыш жоопкерчилигине тартуу, уюшкан кылмыштуу топтордун кен чыккан жерлерди иштетүүгө түз-кыйыр таасирин жана мыйзамсыз ишмердигин жоюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларды активдештирүү абзел! Укук коргоо органдары чукул арада жер казынасын пайдалануу жаатында жасалган кылмыштардын, анын ичинде мыйзамсыз лицензиялар берилген фактылардын бетин ачып, буга таптакыр бөгөт коюусу абзел! Эгерде мында чындап эле мыйзам бузулса, же лицензиялар мыйзамсыз таратылып жатса, ушундай аткаминерлерди кылмыш жоопкерчилигине токтоосуз тартуу керек! Айрымдарына карата тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштады. Мисалы, мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин үстүнөн кылмыш иши кандай жагдай менен козголгондугун баарыңыздар жакшы билесиздер. Тоо-кендерин иштетүүдөн келип түшкөн акча каражаттарын ошол аймакты өнүктүрүүгө, өндүрүш ишканаларын ачууга максималдуу пайдалануу кажет. Фонддогу каражат «сол чөнтөккө» эмес, элдин пайдасына, аймактардын өнүгүүсүнө жумшалса, кошумча жумуш орундары түзүлүп, экономикабыз өссө, республикалык, жергиликтүү бюджеттерге каражат түшсө, калк арасында эч кандай нааразычылык деген болбойт.

Деген Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, Билим берүү министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге тоо-кен казуу, иштетүү тармагы менен байланышкан кадрларды максаттуу даярдоонун механизмдерин дагы ишке киргизүү чукул арада зарылдыгын баса белгиледи.

– Нефтиси жана газы бар өлкөлөр тиешелүү институттарды эбак түптөгөн. Дүйнө жүзүндө жер казынасын пайдаланууга байланыштуу окуу жайлар дагы эң абройлуу болуп саналат. Алардын бүтүрүүчүлөрүнө дүйнө жүзүндө суроо-талап абдан күч! Улуттук кызыкчылыктарды коргоо максатында жер байлыгын сарамжалдуу пайдаланган адистерди дагы даярдоо зарыл. Кен иштеткен алыскы аймактын мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жогорку билим алууга гранттарды жана кредиттерди камсыз кылуу абзел! Кыргызстан өндүрүштү жөнгө сала турган, заманбап жаңы технологияларды издеп тапкан кесипкөй иштермандарды даярдап, аларды тоо-кен казуу компаниялардын ишине токтоосуз тартуусу зарыл. Бул биздин улуттук кызыкчылыктарга толук кандуу жооп берет, — деп кошумчалады Президент Сооронбай Жээнбековү

 

«Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселени ар тараптуу жана абдан катуу караган Коопсуздук Кеңешинин соңунда Ата Мекендик бизнести коргоого багытталган мыйзамдар дээрлик иштебей жаткандыгы дагы катуу сынга кабылды. Буга улай Өнөр жай, Энергетика жана Жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын гана эмес, статс-катчысынын, жер казынасын пайдалануу маселелерин тейлеген орун басарлардын жана ишти начарлаткан бардык башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жоопкерчилигин токтоосуз кароо жагы сунуш этилди. Мындан тышкары, коррупциялык схемаларды түзүүгө шарт жараткан Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик Инспекциянын иши дагы канааттандырарлык эмес деп табылды.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17