Аймак

ТАЖИК-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДА “ГИССАР-БАБАТАГ” КӨЗӨМӨЛ-ӨТКӨРМӨ БЕКЕТИ АЧЫЛАТ

ТАЖИК-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДА “ГИССАР-БАБАТАГ” КӨЗӨМӨЛ-ӨТКӨРМӨ БЕКЕТИ АЧЫЛАТ

 963 Бардыгы /

Тажик-өзбек чек арасында Тажикстандын Гиссар району менен Өзбекстандын Бабатаг аймагын бириктерген көзөмөл-өткөрмө бекети ишке берилет.

Тажикстандын төмөнкү палатасы 20-февралда өкмөттөр аралык келишимге кол койду.

Тажикстан чек ара аскерлеринин кол башчысы Ражабали Рахмонали “Гиссар-Бабатаг” бекети тажик-өзбек чек арасындагы башка көзөмөл өткөрмө жайларындагы кезекке туруулардын агымын азайтууга шарт түзөт деп эсептейт.

Жаңы көзөмөл-өткөрмө бекети эл аралык макамга ээ эмес. Ал жерден Тажикстан менен Өзбекстандын гана жарандары жана эки өлкөгө таандык транспорт каражаттары өтө алат.

Расмий маалыматтарга караганда, 2018-жылдын март айынан тарта – Тажикстан менен Өзбекстан виза режимин жойгондон бери тажик-өзбек чек арасынан 1 миллион 384 миң киши өткөн.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17