Аймак

АПРЕЛЬ ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯСЫНА 9 ЖЫЛ

АПРЕЛЬ ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯСЫНА 9 ЖЫЛ

 5,147 Бардыгы /

Бүгүн, 6-апрелде Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында 7-апрель — Элдик революция күнүнө карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Эскерүү салтанатына Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү К.Сатыбалдиев, шаар мэри М.Тагаев, революциянын катышуучулары, окуу жайлардын мугалимдери, студенттери  ошондой эле шаар тургундары катышышты.

Элдик революцияны чагылдырган 15 мүнөттүк сахналаштылыган көрүнүш коюлду. Алгач өкмөттүн өкүлү баш болгон жетекчилер 9 жыл мурда кандуу окуяда курман болгондордун урматына гүл коюп, эскеришти. Андан соң Жалал-Абад облусунун казысы  куран окуп, курман болгондорго бата түшүрдү.

Кошумчалай кетсек, үй-бүлөлүк кландуу башкарууга каршы эл көтөрүлүшкө чыгып, ал ок атуу менен коштолуп, 87 жаран курман болгон. Анын 7 жараны Жалал-Абаддан. Ошондой эле 110 адам Апрель Эл баатыры наамын алышкан.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17