Аймак

FRESENIUS MEDICAL CARE КЫРГЫЗСТАНДА ҮЧҮНЧҮ ДИАЛИЗДИК БОРБОР АЧТЫ

FRESENIUS MEDICAL CARE КЫРГЫЗСТАНДА ҮЧҮНЧҮ ДИАЛИЗДИК БОРБОР АЧТЫ

 1,245 Бардыгы /

ОШ. 2019 жылдын 24 апрелинде Ош шаарында бөйрөк оорусуна чалдыккан бейтаптар үчүн Fresenius Medical Care Kyrgyzstan компаниясынын жаңы диализдик борборунун калгаасы ачылды. Бул тууралуу Fresenius Medical Care нин Кыргызстандагы пресс-секретары Константин Шварцкопф маалымдады.  

Маалымата ылайык, бул Кыргызстандагы төрт диализдик борборлордун үчүнчүсү жана алардын ачылышы Fresenius Medical Care менен Кыргыз Республикасынын Саламат сактоо министрлигинин ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) тууралуу келишимдин алкагында каралган. Биринчи диализдик оорукана 2018 жылдын 17 октябрында Жалал-Абад шаарында иштей баштаган, андан соң 2019 жылдын 1- февралында экинчи жана пландаштырылган төрт диализдик борбордун эң чоңусу Бишкекте ачылган. Ошондой эле Бишкекте жакында төртүнчү диализдик оорукана ачылат, бул бейтаптарга кошумча дарман түзүлөт. Ушул бардк жүргүзүлгөн иштин натыйжасында азыркы убакта Кыргызстандагы өнөкөт бөйрөк жетишпегендик (ӨБЖ) менен ооруган бейтаптарга медициналык тейлөөнү кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Оштогу диализдик борбор Монуев көч. 57/3а дареги боюнча жайгашкан. Оорукана 11 диализдик аппарат (5008S CorDiax сериясы) менен жабдылган: бул заманбап, дүйнөлүк базарда кеңири колдонулган, диализдик процедураларды жүргүзүүдө бөйрөктөрдүн организмден уулуу заттарды чыгаруу боюнча жоготулаган функцияны эффективдүү аткарган модель. МЖӨ тууралуу келишимине ылайык Ош шаарында жашаган жана МЖӨ тууралуу келишимдин аракетинин астына кирген бардык 40 бейтап Fresenius Medical Care ооруканада сапаттуу медициналык тейлөө мүмкүндүгүн ала алышат.

Диализдик борбордо 11 квалификациялуу кызматкер иштейт, анын ичинде врачтар, медайымдар жана техникалык кызматкерлер бар. Алардын баары кошумча окуу жана квалификацияны жогорулатуу программаларын өтүшкөн жана ошол себептен Fresenius Medical Care компаниясында сапаттын жогорку стандарттарынын сактоосу камсыздалат.

«Бишкекте, Ошто жана Жалал-Абадда биздин диализдик борборлордун ачылышынын наыйжасында Кыргызстандагы өнөкөт бөйрөк жетишпегендиги бар жарандар үчүн тейлөө сапаты кыйла жогорулады. Азыркы маалда МЖӨ долбоордун алкагында биз кабыл ала турган бардык 283 бейтап биздин диализдик борборлордо тейленип жатышат жана ошону менен алдынкы дүйнөлүк стандарттарга ылайык болгон акысыз медициналык камсыздандырууга мүмкүндүктүн артынан келген артыкчылыктары менен пайдаланып жатышат. Мындан тышкары, Кыргызстанда ооруканалардын ачылышынын натыйжасында 100 жаңы жумушчу орун пайда болду. долбоорду ишке ашырууда жигердүү көмөк көрсөткөн биздин өнөктөштөргө, биринчиден, Кыргыз Республикасынын Саламат сактоо министрлигине жана Кыргызстандын Өкмөтүнө ыраазычылыгымды билдирем», – деп айтып кетти Чыгыш Европа жана Орто Азия боюнча Fresenius Medical Care чөлкөмдүк дирекциясынын улуу менеджери Юрий Кремер.

«Fresenius Medical Care менен кызматташтык чегинде биз өнөкөт бөйрөктүк жетишпегендик менен ооруган бейтаптарга эң заманбап медициналык көмөк сунуштай алабыз. Ооруканалар эң жаңы техниканы менен жабдылган жана бөйрөктүк диализ чөйрөсүндө алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды Кыргызстанда жайылтууга мүмкүндүк берет. Fresenius Medical Care келечекте да өлкөдөгү саламат сактоону өнүктүрүүгө чоң салым кошот деп ишенем», – деп айтып кетти Кыргыз Республикасынын Саламат сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.

«Кыргыз Республикасында дагы бир диализдик борбордун ачылышы МЖӨ долбоорлорунун мындан аркы өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу чечкиндүү айтса болот. Инвестицияларга чоң зарылчылыктары бар болгон жана бюджеттик каражаттары чектелген Кыргызстан мындай демилгелердин көп болушуна муктаж. Биз Кыргызстанга мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ушул өлкөдө биринчи болгон долбоорду ишке ашырууда жардам бергенибизге абдан кубанычтабыз. Биз республикада социалдык-маанилүү чөйрөлөрдө МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууда көмөк көрсөтүүбүздү улантабыз», – деп белгилеп кетти

Кыргызстандагы Эл аралык финансылык корпорациясынын (IFC) жетекчиси Мартин Негеле.

Маалымдама:

Ордун толтуруучу бөйрөктүк терапия, трансплантациядан тышкары, өнөкөт бөйрөктүк жетишпегендиги (ӨБЖ) бар бейтаптарды аман калтыруусун камсыз кыла турган жалгыз гана мүмкүн болгон дарылоо ыкмасы. ӨБЖти дарылоонун эң кеңири таралган дарылоо түрү бул гемодиализ. Бул ыкманын маңызы бейтаптын каны «жасалма бөйрөктүн» ичинде башкача айтканда, бейтаптын денесинен тышкары жайгашкан диализдик аппаратта уулардан тазаланат, жана ошондой эле ал аркылуу суу-электролиттик жана кычкыл-щелочтук баланс жөнгө салынат. Диализ өнөкөт бөйрөктүк жетишпегендиги бар бейтаптарга сапаттуу жашоо үчүн шарттарды түзүүгө жардам берет.

Кыргыз Республикасындагы Fresenius Medical Care диализдик ооруканалары Кыргызстанда диализдик тейлөөнү уюштуруу тууралуу келишимге ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоордун чегинде ачылып жатат. Бул келишимге 2017 жылдын август айында Fresenius Medical Care жана Кыргыз Республикасынын Саламат сактоо министрлиги тарабынан кол коюлган. Бул Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдин чегинде эң биринчи ишке ашырылган долбоор. Долбоор KfW финансылык колдоосу жана Дүйнөлүк банктын топтомуна кирген Эл аралык финансылык корпорациясынын (IFC), ошондой эле Германия, Австрия, Венгрия жана Швейцария өкмөттөрүнүн кеңештик жардамы менен даярдалган. Бул долбоордун чегинде болгон инвестициялардын жалпы суммасы 10 млн долл. ашык түзөт.

Fresenius Medical Care компаниясы тууралуу

Fresenius Medical Care – бөйрөк оруусу бар адамдар үчүн тейлөөнү көрсөтүү боюнча дүйнөлүк лидер. Мындай оруулуу адамдардын ичинде дүйнө боюнча 3,4 млн. жакын бейтап диализдик процедурасын такай өтүп турушат. 3928 диализдик борбордон турган тор аркылуу компания дүйнө боюнча 333 331 бейтапты тейлейт. Андан тышкары, Fresenius Medical Care диализдик аппараттар жана диализдик фильтр сыяктуу диализдик өндүрүмдөрдүн алдыңкы өндүрүүчү болуп саналат. Ушуга кошумча катары, компания «Саламат сактоону башкаруу» багытында

кошумча медициналык тейлөө кызматын көрсөтөт. Fresenius Medical Care акциялары Франкфурттук фонддук биржада (FME) и Нью-Йорктук фонддук биржада (FMS) сатылат.

Юридикалык түшүндүрүү:

Бул маалымат кандайдыр бир тобокелдик менен жана аныксыздык менен байланыштуу болгон болжолдук билдирүүлөрдү камтыйт. Бизнестеги өзгөрүүлөрдүн себебинен, экономикалык же конкуренттик шарттардын өзгөрүлүшүнөн, мыйзамдардын өзгөрүлүшүнөн, клиникалык сыноолордун натыйжалардан, алмаштыруу курстун өйдөй-ылдый болушунан, укуктук талаштардан келип чыккан аныксыздыктар менен же сот тергөөлөрдүн жүрүшү менен, ошондой эле финансылык ресурстарга жетүү менен байланышкан ар түрдүү тобокел факторлордун жана аныксыздыктардын кесепетинен Келечектеги жыйынтыктар азыркы маалда күтүлө турган натыйжалардан айырмаланышы мүмкүн. Fresenius Medical Care ушул маалыматта камтылган болжолдук билдирүүлөрдүн актуализациясы үчүн эч кандай жоопкерчиликти албайт.

Константин Шварцкопф,  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17