Аймак

АЙЫЛДАГЫ СОГУШТУН ЖАЛГЫЗ АРДАГЕРИНЕН МИЛИЦИЯ КАБАР АЛДЫ

АЙЫЛДАГЫ СОГУШТУН ЖАЛГЫЗ АРДАГЕРИНЕН МИЛИЦИЯ КАБАР АЛДЫ

 1,556 Бардыгы /

Бүгүн 9-майда Кыргызстандын район, шаарларында майрамдык иш-чаралар ѳткѳрүлүп, баатыр аталардын эрдиктери даңкталууда. 

Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдык Жеңиш күнүндѳ Базар-Коргон РИИБнин кызматкерлери Арстанбап айылындагы жалгыз согуштун ардагери, 94 жаштагы Мирза Далиев аксакалдан кабар алышты.

Согуштун катышуучусуна атайын даярдалган белектерин тапшырышып, анын кан майданда кѳрсѳткѳн эрдигине ыраазычылык айтышты. Согуштун ардагери Мирза аксакал милиция тарабынан кѳрсѳтүлүп жаткан колдоого кубанып турганын белгилеп, ак батасын берип узатты.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17