Аймак

ЭАУда 1999-ЖЫЛДАГЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНҮН ЖОЛУГУШУУСУ

ЭАУда 1999-ЖЫЛДАГЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНҮН ЖОЛУГУШУУСУ

 1,661 Бардыгы /

Үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) 1999-жылдагы бүтүрүүчүлөрүнүн 20 жылдык жолугушуусу болуп өттү.

1999-жылы ЭАУ Жалал-Абад Коммерциялык институту (ЖАКИ) деп аталчу. Ал убакта ЖАКИ “Экономика”, “Менеджмент”, “Коммерция” багыттары боюнча бакалаврларды жана адистерди даярдайт эле. Жолугушууга “Финансы жана кредит”, “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана көзөмөл”, “Ишкана экономикасы жана башкаруу”, “Менеджмент” жана “Коммерция” адистиктери боюнча бүтүрүүчүлөр келишти. Аталган адистиктер боюнча окутуу, даярдоо эсеп- финансы факультетинде, экономика жана бизнес факультетинде, Кыргыз- Түрк менеджмент факультетинде жүргүзүлчү.

Окуу жайдын ректораты 1999- жылкы бүтүрүүчүлөрдү жылуу тосуп, жаңыланган университет боюнча экскурсия, профессор-окутуучулар курамы менен жолугушууну, ЭАУнун тарыхы боюнча документалдык фильмди көрсөтүүнү, эстеликке калтыра турган фото сессияны, майрамдык концертти уюштуруп берди. Бүтүрүүчүлөр да, алардын ичинде Жалал-Абад шаарынын мэри М.А. Тагаев, өз кезегинде мыкты окутуучуларга, окуудагы мыкты студенттерге, активист студенттерге Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын жана стипендияларды беришти. Жолугушуу ушундай иш-чаралардын эң мыкты салттарында уюштурулду десек, жаңылышпайбыз.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17