Аймак

КАЗАКСТАНДА ПОЛИЦИЯ КАМАКТАГЫ ДИССИДЕНТ АРОН АТАБЕКТИН КЫЗЫН БОШОТТУ

КАЗАКСТАНДА ПОЛИЦИЯ КАМАКТАГЫ ДИССИДЕНТ АРОН АТАБЕКТИН КЫЗЫН БОШОТТУ

 1,289 Бардыгы /

Алматы шаарынын Медеу райондук полициясы камактагы акын жана диссидент Арон Едигеевдин кызы Айдана Айдарханды бошотту. Ал 14-июлда Алматыдагы Абайдын эстелигинин жанында адабий акция өткөрүп жаткан маалда кармалган.

Айдана Айдархандын кабарлашынча, полиция андан өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдор-колдобосун сураган. Ал бул уюмга тиешеси жок экенин айткан. Полиция кызга иш козгогон эмес, жөн гана митинг өткөрүү тууралуу мыйзамды бузбоо керектигин эскерткен.

– Полиция кызматкери мени үйгө алып барып таштамак болду, мен каршы чыктым. Ал мени алып кеткендиктен, жеткизип коюуга да милдеттүү экенин айтты. Биз болжол менен он мүнөттөй тартыштык. Анан жөнөкөй кийимчен бир киши келип, кете берсем боло турганын айтты, – деди Айдана Айдархан.

Айдана 66 жаштагы атасын колдоо максатында акция өткөрүп, аны камактан бошотууну талап кылган.

60 жаштагы акын 2007-жылы 18 жылга эркинен ажыратылган. Ал полиция офицеринин өлүмүнө алып келген нааразылык акциясын уюштурган деп айыпталган болчу. Атабек өзү күнөөсүн моюнга албай келатат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17