Аймак

ОШТОГУ ЖАКЫР ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДҮН БАЛДАРЫ АЛАЙ ЖАЙЛООСУНДА ЭС АЛЫШТЫ

 972 Бардыгы /

ОШ. Кыргызстандын түштүк башкалаасынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун жеке демилгесине ылайыкЮНИСЕФ уюмунун «Муниципалитеттер достошкон балдарга жана жаштарга» долбоорунун алкагында Ош шаарында «Бактылуу балалык» ураанын астында маданий-массалык иш-чаралар башталды.

Жакында эле Ош шаарындагы «Манас-Ата» аймактык Кеңешинде жакыр турмушта жашап жатышкан үй-бүлөлөрдүн 70 баласы Алай районунун жайлоолорун кыдырышты. Бир апта бою алар Кыргыз жайлоосунда улуттук жана салттуу оюндарды гана ойношуп, каада-салттарды үйрөнүштү. «Ден соолук кербени», «Ынтымактуу короо» ураандарынын астында заманбап эс алышты.

Баса, Ош шаарындагы «Бактылуу балалык» ураанын астында өтүп жаткан маданий-массалык иш-чаралардын активдүү катышуучулары Ош шаардык мэриясынын Ардак Грамотасы жана баалуу белек-бечкектери  менен сыйланышты.

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17