Аймак

ТАЖИК ЧЕК АРА КЫЗМАТЫНЫН МУРДАГЫ МААЛЫМАТ КАТЧЫСЫ 15 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ

ТАЖИК ЧЕК АРА КЫЗМАТЫНЫН МУРДАГЫ МААЛЫМАТ КАТЧЫСЫ 15 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ

 754 Бардыгы /

Тажикстандын Чек ара аскерлеринин мурдагы маалымат катчысы Мухаммаджон Улугходжаев 15 жылга эркинен ажыратылды. Ал мамлекетке чыккынчылык кылууга айыпталган. Жогорку соттун аскердик коллегиясынын өкүмү 14-августта чыкты.

Мамлекеттик айыптоочу Улугходжаевди 20 жылга соттоону сураган. Ал 10 күн ичинде соттун өкүмүн даттанууга укуктуу.

29-июлда өткөн биринчи соттук отурумда айыпталуучунун жубайы Майрам Улугходжаева күйөөсүнүн иши адилеттүү тергелеринен үмүт арткан. “Чек ара аскерлигинде менин күйөөм ак кызмат өтөдү, сот бул ишти объективдүү карайт деп ишенебиз” деген ал.

Улугходжаев 10-апрелде жашыруун документтерди кайсы бир чет өлкөлүк уюмга берүү шеги менен кармалган. Андан башка маалымат айтылган эмес.

Подполковник кармалгандан он күн өткөндөн кийин анын апасы Зебо Улугходжаева атайын кызмат өкүлдөрү уулунун батиринде тинтүү жүргүзүшкөнүн кабарлаган. Анда ал баласы кайсыл иш боюнча шектелип жатканын билбестигин айткан.

Улугходжаев Тажикстандын Технологиялык университетинин физика факультетин бүтүргөн. Буга чейин «Азия-Плюс» агенттигинде, Тажикстандын Коргоо министрлигинде иштеген. 2009-жылы Чек ара башкы башкармалыгына которулуп, 2014-жылы мекеменин басма сөз катчысы болуп дайындалган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17