Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА 16 БАЛА БАКЧА МЕНЧИКТЕШТИРИЛИП КЕТКЕН

ЖАЛАЛ-АБАДДА 16 БАЛА БАКЧА МЕНЧИКТЕШТИРИЛИП КЕТКЕН

 1,393 Бардыгы /

Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2019-жылдын январь айына карата Жалал-Абад шаарында 2 жаштан 6 жашка чейинки 14 миң 291 бала бар, алардын 5 миңдейи гана бала бакчага барат. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Нурбек Олжобаев билдирди.

            -Шаар аймагындагы 23 муниципалдык бала бакчада 4 миң 572 бала, ал эми жеке менчик 9 бала бакчада 780 бала тарбияланууда. Бул жалпы мектепке чейинки курактагы балдардын 37,8 пайызын түзөт. Бул жетишпестикти жоюуу боюнча жергиликтүү бийлик мурда менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды кайра кайтаруу боюнча өкмөттүн буйругун аткарып жатат. Советтер союзу убагында Жалал-Абад шаарында 36 бала бакча болгон. Ошол бала бакчалар толук камсыздап турушкан. Бүгүнкү күндө мына 23 муниципалдык бала бакча калса, үчөө жаңы курулган, калган 16 сы менчиктештирилип ар кайсы мекеме-ишканалардын балансында турат.  Эгер алар кайрадан бала бакчага айланса камтуу көрсөткүчү 50-70 пайызга көбөймөк. Жетишпетик көйгөйү албетте балдардын санынын кекин өсүп кетишин шарттайт. Мислы бизде жалпы бала бакчалардын кубаттуулугу 3 миң 250 орунду түзгөнү менен 4 миң 572 бала тарбияланууда. Бул дегени санитардык талаптардын бир жарым миңдей бала ашыкча дегенди билдирет.

Ошондой эле, шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси бала бакчаларга дагы электрондук кезек уюштуруу жагы колго алына баштаганын кошумчалады. Ал эми учурда миңдей бала кезекте турат.

Эске сала кетсек, быйылкы жылдын эсебинен Жалал-Абад шаарында бир жеке менчик 50 орундуу бала бакча ачылды.

Роза Акматжан кызы “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17